Таллий (лат.
И. Менделеев">Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IIIА группа элементи, к.н. 81, ат. м. 204,37. Т. жаратылышта эки туруктуу изотобу бар: 203 Tl (29,50%) 205Tl (70,50%) турат. Андан тышкары бир топ радиоактивдүү изотоптору белгилүү: 206Tl (Т1/2 =4,19 мин), 207Tl (Т1/2 =3,79 мин), 208Tl (T1/2 =3,1 мин), 210Tl (T1/2 =1,82 мин). Уран, торий жана актиний радиоактивдүү минералдары менен бирге кездешет. Т-ди 1861-ж. У.Крукс ачкан. Жер кыртышында м. боюнча 3 ×10-4 %. Марказит, сфалерит, вюрцит, галенит, пирит минералдары курамында кездешет. Т. – бозомтук күмүш түстөгү ак металл, абада тез окисиенет. Атм. басымда Т. металлы эки кристаллдуу модификациясы a жана b формасы бар. Жогорку басымда g формасы да пайда болот. химимялык бирикмелери 1, 3 валенттүү. 1 валенттүү бирикмелери туруктуу келип, касиеттери щелочтуу металлдарга окшош болот. Азот, күкүрт к-таларында жакшы, туз к-тасында начар эрийт. Щелочтор менен аракеттенбейт. N 2, NH3, CO2 заттары менен реакцияга кирбейт. Галогендер менен абдан жеңил аракеттенет, ал эми күкүрт жана фосфор менен ысытканда гана аракеттенет. Т. түстүү металлдар сульфиддик тоо-тектерин иштетүүдө бөлүнүп алынат. Таллий амальгамалар даярдоодо, катализатор катарында колдонулат. Галогендери монокристаллдары оптикалык приборлор, карбонаттары оптикалык айнектер, сульфиди фото элементтер жасоодо колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Таллий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.