Тактооч – кыймыл-аракеттин бардык кырдаалын көрсөтүп, морфологиялык жактан дээрлик өзгөрбөгөн, көбүнчө этиш менен айкалышып, сүйлөмдө бышыктоочтук милдет аткарган сөз түркүмү.
Дүйнөлүк тилдердин көбүндө бар. Кыргыз тилинде тактоочтор морфологиялык түзүлүшү жагынан тубаса (мисалы, ылдам, бат, кийин, ары) жана туунду (мисалы, адамча, ылдамдай, өзүңөрчө) түрүндө болот. Лексика-грамматикалык маанисине карай эки чоң топко бөлүнөт: бышыктагыч тактооч жана аныктагыч тактооч. Бышыктагыч тактооч өз ара мезгил бышыктагыч тактооч (мисалы, азыр, анан, эрте, башта), орун бышыктагыч тактооч (мисалы, жогору, төмөн, ары, артка), себеп жана максат бышыктагыч тактооч (атайын, аргасыздан, эрксизден, жиндиликтен) деп бир нече топко ажырайт. Ал эми аныктагыч тактооч сын-сыпат аныктагыч тактооч (мисалы, акырын, тез, бирге, көзүнчө) жана сан-өлчөм аныктагыч тактооч (мисалы, ошончолук, бир-бирден) деген топтон турат. Тактооч морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалат. Тактоочтук маани туюнтчу фразеологиялык бирдиктер да бар (мисалы, көз ачып жумгуча, төөнүн куйругу жерге тийгенде).
Тактоочтор: качан? кайсы убакта? кайда? кантип? кандай? канча? нече? качантан бери? качанка чейин? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Таң эрте (качан?) жаан басылды. Кыштын камын жазда ойло. Жөжөнү күздө сана. Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөсүң кышында. Жакшы атак алыска угулат. Өнөрлүү өйдө чыгат.
Тактоочтор түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал тактооч болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөй бир сөздөн, ал эми татаал тактооч эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт.
Мисалы:
Жөнөкөй тактооч сөздөр: бүгүн, эртең, кечээ, эрте, быйыл, жайлай, жогору, төмөн, өйдө, алыс, жай, ылдам, көп, аз, ашык, кем, мынча, ошончо, ошончолук ж. б.
Татаал тактооч сөздөр: Эртели-кеч, күдү-күздөй, анда-мында, өйдө-төмөн, илгери-кийин, ары-бери, соо-саламат, жөө-жалаң, жекеме-жеке, анча-мынча, аз-аздан, көп-көптөн ж. б.
Мисалдар:
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тактооч, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.