Суфизм (араб.
саф – таза, аль-саффа – кайыр, садага жыйноо, суф-жүн, монахтын, дербиштин орой түктүү кийими) – Исламда 8–9-ккылымдард келип чыгып, Араб халифатынын өлкөлөрүнө тараган диндик-мистикалык (кереметке, сыйкырга ишенүү) окуу, багыт.
Алгачкы Суфизмге айрым материалисттик элементтери бар панитеизм мүнөздүү. Бара-бара неоплатонизмдин, индиялык философиянын христианчылыктын айрым идеяларынын таасири астында С. аскетизм жана барып турган мистицизм С. борбордук орун ээлеп калышат. Суфизм жактоочулар кудай гана бар, ал эми айлана-чөйрө жана кубулуштар анын чыгармачылык энергиясы (эманациясы) дешет да, жашоонун эң жогорку максаты-адам жанын Кудай менен мистикалык кошуу деп жарыялашат жана Жер жүзүнө тиешелүүнүн барынан кечип кетүүнү талап кылышат.
Суфизм окуусу боюнча Кудай менен кошулуу экстаз (элирип, өзүн өзү унутуу даражасына жеткен абал) абалында өтөт. Мына ушунда гана Адам чыныгы болмушка (хасикатка) жетмекчи.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Суфизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.