Осака, Нанива – Япониядагы шаар.
Өлкөдө чоңдугу жана экономикалык мааниси боюнча 3-шаар. Йодо дарыясынын (Ички Япон деңизинин алабы) дельтасындагы ири порт (жылына 80 млн тга чейин жүк ташылат; Япониянын экспортунун 2/ бөлүгү). Хонсю аралынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Осака-фу префектурасынын административдик, Япониянын тарыхый соода борбору. Калкы 2,7 млн (2011). Жолдор тоому. Эки эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Япониянын соода-финансы борбору. АКлар, шалы фондусу, пахта биржасы, дүйнөдөгү ири банктардын филиалдары бар. Оор өнөр жай (өлкөдө өндүрүлгөн болоттун 1/6 и, прокаттын 2/6 си, түстүү металлдын 1/3бөлүгүнөн көбүрөөгү) өнүккөн. Так машиналар, станок, прибор жана кеме куруу, радио-техникалык жабдуулары, текстиль (Япония текстилинин 40%и), химиялык-фармацевтика, жыгаччылык, полиграфия, цемент, айнек, карапа өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (шаар, асем өнөр ж.б.) бар. Каналдары көп. 7-10-жана 16-кылымдагы храм (будда, синтоист) сепилдер сакталган. Шаар 7-кылымдан эскерилет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Осака, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.