Адеп-ахлактуулук (орус.
Нравственность) – коомдук турмуштун, коомдун өнүгүшүнүн жана тарыхый прогресстин эң маанилүү жана маңыздуу факторлорунун бири, мораль.
Коомдун мүчөлөрүнүн сезимдеринин, умтулууларынын жана кыймыл-аракеттеринин башка адамдардын сезимдери, умтулуулары жана кыймыл-аракеттери, алардын жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыктары жана баалуулуктары менен өз ыктыярдуу шайкеш келүүсү аркылуу аныкталат. Ыктыярдуулук жана көпчүлүк менен макул болуу Адеп-ахлактуулуктан бардык кубулуштарына мүнөздүү белгилер. И. Канттын пикири боюнча, Адеп-ахлактуулуктуу сезим «жалпы эрктен белгилүү бир деңгээлде көз каранды жеке эрк» болуп эсептелет. Адеп-ахлактуулуктун маңызы этиканын предмети болуп саналат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адеп-ахлактуулук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.