Витамин C

Витамин С, аскорбин кислотасы - L-гулон кислотасынын туундусу.

Цинга, аз кандуулукка каршы, таасир берет. Аскорбин кислотасы организмдеги биологиялык кычкылдануу процессине катышат. Ошондой эле бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорун синтездөөдө, углевод алмашууда, нуклеин к-таларын синтездөөдө өтө керек. В. С калемпир, карагат, кызылгат, кулпунай, апельсин, лимон, капуста, картофель, итмурун, сүт ж. б. көп. Бул витаминдин гиповитаминозунда цинга оорусу (бүйлөнүн сезгениши), аз кандуулук байкалат.

С витамининин колдонулушу

С витамини аскорбин кислотасы деген да аталышка ээ. Ал организмдин көптөгөн функциялары үчүн маанилүү каражат болуп саналат. Мисалы, адамдын денесиндеги ткандардын өсүшүнө жана калыбына келишине жардам берет. С витамини – суук тийүүдө колдонулуучу кеңири белгилүү каражаттардын бири, бирок ооруну алдын алууга жардам береби же жокпу, бул багытта изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бирдей эмес.

Жаралардын айыгышы, инфекциялар жана кургак учук

1982-жылы изилдөөчүлөр С витаминин көп колдонгон адамдардын жарааттары, жаралары жана көгөргөн жерлери тез айыгат деген бүтүмгө келишкен. Бул С витамининин организмде коллагендин иштелип чыгышына өбөлгө түзгөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн.[1] С витамини антиоксидант катары ткандарды калыбына келтирүүгө, сезгенүүдөн жана кычкылдануудан келип чыккан зыянды азайтууга жардам берет.[2] С витамини жетиштүү деңгээлде болгон адамдар С витамини жетишсиз адамдарга караганда инфекцияларга жакшы туруштук бере алышат. Ошондой эле С витамини курч респиратордук инфекциялардын алдын алууга, айрыкча жетишсиз тамактанган адамдарга жана стрессте жүргөндөргө жардам берет.[3]

Изилдөөчүлөр С витамини дарыга туруктуу келген кургак учук бактерияларын жок кыларын да аныкташкан.[4] 2013-жылы жарыяланган изилдөөдө кургак учукка каршы дары-дармектерге С витамини кошулса, терапиянын таасирин тездетет деген божомолдор айтылган.[5]

С витамини жана рак оорусунун терапиясы

С витамини ракты дарылоого жардам берет. Ал антиоксидант катары организмди кычкылдануу стрессинен коргойт жана башка молекулалардын кычкылдануусун алдын алат. С витамининин жогорку өлчөмү рак ткандарынын айрым түрлөрүнүн өсүү ылдамдыгын төмөндөтөрү аныкталган.[6] Изилдөөчүлөр С витаминин дарылоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп эсептелген рак оорусуна чалдыккандарга колдонууну дагы сунушташууда.[7] Archived 2021-01-29 at the Wayback Machine

С витамини рактын кайсы түрүнө таасир этиши мүмкүн экендигин жана С витамини менен кандай башка натыйжалуу дарылоо ыкмаларын колдонсо болорун, ошондой эле бул ыкманын узак мөөнөттүү кесепеттерин түшүнүү үчүн дагы кошумча изилдөөлөр талап кылынат. Ракты дарылоодо колдонууда С витамининин таасири тууралуу айрым окумуштуулардын ортосунда талаш пикирлер бар.[8] Бирок 2013-жылы изилдөөчүлөр жогорку өлчөмдөгү С витамини рак оорусу менен ооругандарга жардам бериши мүмкүн экендигин далилдешкен.[9]

Ал эми 2015-жылдагы изилдөө анын эффективдүүлүгүн тастыктаган.[10] Улуттук онкология институту жогорку өлчөмдөгү С витаминин колдонгон бир нече изилдөөлөр тууралуу билдирет. Жалпысынан, клиникалык изилдөөлөр С витамининин жогорку дозалары тамырга берилген учурларда, терс таасирлери өтө аз болгондугун көрсөткөн. Бирок тамыр аркылуу берилген С витамини бөйрөк оорулары, G6PD жетишсиздиги же гемохроматоз менен ооругандарга олуттуу терс таасир тийгизиши мүмкүн.[11] Айрым дарыгерлер бул ыкманы колдоп, аны дарылоодо пайдаланып жатышат.[12]

Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатына санитардык көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы (FDA) рак оорусу менен ооругандарга, анын ичинде химиотерапия жана нур терапиясын алып жаткан бейтаптарга С витаминин тамыр аркылуу берүүнү жактыра элек жана ал дарылоо ыкмасы катары таанылган эмес.

Башка артыкчылыктары

С витамининин башка төмөнкүдөй артыкчылыктары бар:

  • Жүрөк-кан тамыр системасын чыңдоо: С витамини кан тамырларды кеңейтип, жүрөк ооруларынан жана гипертониядан же кан басымдын жогорулашынан сактайт.[13] Archived 2021-01-19 at the Wayback Machine
  • Холестериндин деңгээли: С витамини жетиштүү болгон адамдарда холестериндин төмөн экени аныкталган.[14]
  • Катаракта: С витамини катаракта, ошондой эле улгайган куракта пайда болуучу макулярдык дегенерация ооруларынын тобокелдигин азайтууга жардам бериши мүмкүн.[15]
  • Диабет: Бейтаптар С витаминине бай жашылча-жемиштерди көп жесе, бөйрөктөрүнүн, көздөрүнүн жана нерв системасынын начарлоо мүмкүнчүлүгү азыраак болот.[16]
  • Анемия: С витамини – темирдин сиңишин жакшыртуучу эң күчтүү фактор.[17]
  • Гистамин: гистамин – бул иммундук система тарабынан иштелип чыгуучу, сезгенүүгө жана башка көйгөйлөргө алып келүүчү зат. 1992-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө күнүнө 2 грамм С витаминин ичкен адамдарда кандагы гистаминдин деңгээли төмөндөгөн.[18]
  • Деӊиз илдети: изилдөөгө 70 адам катышкан. Айрымдары 2 г С витаминин, башкалары плацебо ичип, андан соң суу үстүндө 20 мүнөт болушкан. С витаминин ичкендерде бул оорунун деңгээли төмөндөгөн.[19]

С витамининин жетишсиздигинен жабыркашы ыктымал топтогулар

Төмөнкү топтор башкаларга караганда С витаминин жетиштүү албай калуу тобокелдигине туш болушат.

Тамеки чеккендер жана пассивдүү "тамеки чеккендер"

Изилдөөлөр тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендердин канынын плазмасында жана лейкоциттеринде С витамининин деңгээли төмөн экендигин, бул жарым-жартылай кычкылдануу стрессинин жогорулашына байланыштуу боло тургандыгын көрсөткөн. Ушул себептен улам тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерге күнүнө 35 мг С витамини көбүрөөк талап кылынат.[20]  Пассивдүү тамеки чегүүнүн таасири дагы С витамининин деңгээлин төмөндөтөт.

Концентрацияланган же кайнатылган сүт менен азыктанган ымыркайлар

Өнүккөн өлкөлөрдөгү көпчүлүк ымыркайлар С витаминин жетиштүү өлчөмдө камсыз кылган эмчек сүтү жана / же балдардын аралашма азыгы менен тамактанат.[21] Көптөгөн себептерден улам, ымыркайларды концентрацияланган же кайнатылган сүт менен тамактандыруу сунушталбайт. Бул практика С витамининин жетишсиздигин шартташы мүмкүн, анткени уйдун сүтүндө С витамини өтө аз болгондуктан, аны ысытканда, курамындагы витамин жоготулушу мүмкүн.[22][23]

Тамак түрлөрүн чектеген адамдар

Жашылча-жемиштер С витамининин эң жакшы булагы болуп саналат, мындан тышкары башка көптөгөн тамак-аштарда да ал азыраак өлчөмдө кездешет. Демек, ар түркүн тамактануу аркылуу көпчүлүк адамдар күнүмдүк керектөөнү камсыз кылып, жок дегенде цинганын алдын алуу үчүн С витаминин жетиштүү деңгээлде пайдаланып турушу шарт. Тамак-аш кабыл алууну чектеген адамдар, анын ичинде айрым улгайгандар, жакырлар, алкоголдук ичимдиктерди же баңги заттарды көп колдонгондор, “чектен тыш” диета кармаган адамдар, айрым учурда балдар дагы С витамини менен жетиштүү деңгээлде камсыздалбашы мүмкүн.[24][25]

Мальабсорбция жана айрым өнөкөт оорулары бар адамдар

Айрым медициналык шарттар С витамининин сиңишин төмөндөтүшү жана / же организмге зарыл көлөмүн көбөйтүшү мүмкүн. Ичеги-карындын оор мальабсорциясы же кахексиядан жабыркагандар, ошондой эле рак оорусуна чалдыккандардын айрымдары С витамининин жетишсиздигинен улам тобокел категориясында турат.[26] Өнөкөт гемодиализ кызматын пайдаланган, бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясындагы бейтаптарда дагы С витамини жетишсиз концентрацияланышы мүмкүн.[27]

С витамининин булактары

С витамининин эң жакшы булагы болуп жаңы мөмө-жемиштер эсептелет. Сууга ысытуу жана бышыруу С витамининин бир бөлүгүн жок кылышы мүмкүн, андыктан чийки азыктарды пайдаланган оӊ.

Курамында С витамини бар азыктар:

  • Жарым стакан таттуу кызыл калемпирде: 95 мг же суткалык ченемдин 106% ы.
  • Бир орточо апельсинде: 70 мг же суткалык ченемдин 78%ы.
  • Жарым стакан жаңы кулпунайда: 49 мг же суткалык ченемдин 54%ы.
  • Жарым стакан шпинатта: 9 мг же суткалык ченемдин 10%ы.

Курамында С витамини көп башка азыктар – ​​цитрус жемиштери, кара карагат, брокколи, брюссель капустасы, картөшкө жана помидор.

С витамининин ашыкча керектелиши

С витамининин уулантуу мүмкүнчүлүгү аз жана аны көп көлөмдө ичкенде олуттуу терс таасирлерге алып келбейт. Көбүнчө диарея, жүрөк айлануу, ичтин түйүлүшү жана башка ичеги-карын оорулары пайда болоорун белгилешет. С витамининин кошулмаларын колдонууну токтотсоңуз, аталган белгилер жоголот.[28]

С витамининин түрлөрү

‌‌‌‌Аскорбин кычкылы

Аскорбин кычкылы – С витамининин эң көп колдонулган жана эң арзан түрү, бирок анын бир аз кычкыл компоненти айрым адамдардын, айрыкча ашказан кычкылы менен жабыркагандардын тамак сиңирүүсүн кыйындатат. Көптөгөн изилдөөлөрдө С витамининин ушул курамы колдонулат. Аскорбин кычкылы синтетикалык жол менен өндүрүлсө дагы, табыгий С витамини менен курамы бирдей. Аскорбин кычкылы таблетка, капсула же күкүм түрүндө чыгарылат.

Аскорбат жана С витамининин метаболиттери

Аскорбат жана С витамининин метаболиттери – бул 1980-жылдары алынган кальций аскорбатынын патенттелген курамы. Анын курамында анча көп эмес сандагы кальцийдин треонат, ксилонат жана ликсонат сыяктуу С витамининин метаболиттери, ошондой эле дегидроаскорбин кычкылы бар. Өндүрүүчүлөр ал абсорцияны жакшыртууга жардам берет жана кадимки аскорбин кычкылына салыштырганда кандагы С витамининин деңгээлин жогорулатат деп ырастоодо.

Биофлавоноиддери бар С витамини

С витамини биофлавоноиддер деген аталыш менен белгилүү антиоксиданттар менен да айкалышат. Бул формуланы жактоочуларды биофлавоноиддери бар С витамининин жакшы сиңиши мүмкүн экендиги кызыктырат. 1988-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн биринде биофлавоноиддери бар С витамини кадимки аскорбин кислотасынын курамына салыштырганда 35 пайызга жакшы сиңери аныкталган. Аскорбин кислотасынан улам ашказан оорусунун белгилери күчөшү мүмкүн болгон бейтаптар үчүн бул эң жакшы вариант.

Липосомалдык С витамини

Липосомалдык С витамини био жеткиликтүүлүктү же сиңирүү касиетин жакшыртуучу дары. Окумуштуулар липосомалдык С витаминин сиңимдүүлүктү жогорулатуу максатында иштеп чыгышкан. Анда аскорбин кислотасы молекуласынын тамак сиңирүү жолу аркылуу оңой өтүшүнө жардам берген майды эритүүчү каптама бар. Маалыматтар көрсөтүп тургандай, аскорбин кислотасы сыяктуу С витамини жогору болгон капсула түрүндө эмес дарыларга караганда, капсула түрүндөгү липосомалардагы С витаминин ичүү кандагы С витамининин көбүрөөк концентрацияланышына алып келет.[29](жеткиликсиз шилтеме)

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4

Tags:

Витамин C С витамининин колдонулушуВитамин C С витамининин жетишсиздигинен жабыркашы ыктымал топтогуларВитамин C С витамининин булактарыВитамин C С витамининин ашыкча керектелишиВитамин C С витамининин түрлөрүВитамин C Колдонулган адабияттарВитамин CАз кандуулукАскорбин кислотасыАскорбин кычкылыБөйрөк үстүндөгү безГормондорКулпунайКызылгат

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Макмал алтын кениЧүйлүк Таластык кыргыздар 19-кылымКомпьютердик тармакКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрБруцеллёзТамак сиңирүүКыргыз ССРинин КонституциясыМидин АлыбаевОсмоналиев КачкынбайЖамийла (повесть)Тиричиликтин пайда болушуКоруктарКубатбек ЖусубалиевЭмгек рыногуЖаныбарКыргызстандын туусуБайтик баатырЖазАргындаштырууКыргыз элчиликтериСуу сактагычОсмонкул БөлөбалаевДүйнөлүк диндерКурмангазы Сагырбай уулуКосмосФергана тоо тизмегиЖукеев ТабылдыАКШдагы жарандык согушЗаара бөлүп чыгаруу системасыҮнсүз тыбыштарИррационалдык санАла-Арча Улуттук ПаркЧечендик өнөрКамсыздандырууУсубалиев Турдакун УсубалиевичТүрАйыл чарбаТурусбеков ЖусупАмерикаАсанкан ЖумакматовТүштүк АзияКыргыз аттарыКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиЖети ата«Кыргыз» этнонимиСелЖакиев БексултанЖандоочМеркурийЖаш манасчыларАфрикаКыргыз тилинин тарыхыОлимпиялык оюндарӨсүмдүкКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыАнтропогендик факторлорЧүй облусуБасмачылыкНуклеин кислоталарыСууОозул (стоматит)Басым (физикалык)Кулакка тартууКүнСүймөнкул ЧокморовКүкүрт кислотасыКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыСогушДемократияТишГлобалдык көйгөйлөрБектурсун АлымовКызматчы сөздөрОндук эсептөө тутумуКазакстанМутациялык селекцияЫсык-Көл облусуЭмгек ырлары🡆 More