Аскорбин кычкылы - (С витамини) организмдеги кычкылдануу, калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт.
С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот (к. Витамин жетишсиздиги). Аскорбин кислотасы киши организминде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (суткасына чоң кишилерге 50—100 мг, балдарга 30— 70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз.
С витамини сууда жакшы эрийт; витаминдердин ичинен эң туруксузу бат кычкылданат. Жашылчаны бышырганда С витамининин А бөлүгүнө жакыны жоголот. Тамакты жылытуу жана узакка сактоодо витамин азаят. Азыктарды ачытууда С витамини жакшы сакталат. Тоңдурулган мөмө менен жашылчаларды эриткенде С витамини туруксуз болуп калат, ошондуктан эриген продуктуларды тез тамакка колдонуу керек. С витамини жазында көк пиязда жана бул витамин жакшы сакталуучу консерваланган кээ бир азыктарда, мисалы, томат-паста, көк буурчакта көп болот. СССРде С витамининин биологиялык баалуулугун көтөрүү жана С витамининин жетишсиздигин алдын алуу үчүн балдар мекемелеринин, оорукананын, төрөт үйлөрүнүн тамактары витаминдештирилет. Өнөр жайда 0,5 жана 2,5 г аскорбин кислотасы бар таблеткалар чыгарылып, ал даяр тамакты витаминдештирүүдө колдонулат. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аскорбин кычкылы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.