Боордун Циррозу

Боордун циррозу — боор клеткалары өлүп, анын ордуна бара-бара туташтырма ткань жайылып өсүп, боордун түзүлүшү жана функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн өнөкөт оору.

Боордун Циррозу
Боордун циррозу.

Дартын себептери

Вирустуу гепатит менен ооруганда, айрыкча догдурга өз убагында кайрылбай, дарылоо кеч башталса, догдурдун көрсөтмөсүн бузганда, туура эмес тамактанууда болушу мүмкүн. Көбүнчө боордун цирриозу менен алкоголь ичкиликтерин ичкен кишилер көп ооруйт (к. Өнөкөт аракечтик). Боорго зыян келтирүүчү уу заттардын (хлороформ, мышьяк, фосфор жана башка) организмге таасир этиши, кээ бир дарыларды (антибиотиктер, сульфаниламиддер) контролсуз ичүү, өт жолдорунун бүтөлүп калуусу, алардын сезгениши да боор циррозуна алып келет.

Дарты аныктоо

Белгилери оорунун формасына, стадиясына жараша ар кандай болот; көп жылдар бою оору кишиге сезилбейт, текшергенде гана боордун катуу тартып чоңоюшу жана башка байкалат. Дарт күчөгөн кезде оорулуунун алы кетип, арыктайт, денеси ысыйт жана саргаят, ич көңдөйүнө суу толгондуктан ич чоңоёт. Анын өтө оор кабылдоолорунда кызыл өңгөч менен карын веналарынан кан агат, эстен танат.

Дарылоо

Боор циррозун дарылоо узакка созулат, күчөп кармаган кезде сөзсүз ооруканада дарылануу зарыл. Догдур сунуш кылган дары-дармек менен катар майы жана тузу аз, витаминдүү тамак ичүү зор мааниге ээ. Сүт азыктарын, кайнап бышкан эт, балык, жашылча-жемиштер, ширелер сунуш кылышат. Оору күчөгөн кезде оорулууга тынч шарт түзүү керек. Боор циррозун алдын алууга вирустуу гепатиттен сактануу, туура тамактануу, алкоголь ичимдиктерин ичпөө, оор ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Боордун Циррозу Дартын себептериБоордун Циррозу Дарты аныктооБоордун Циррозу ДарылооБоордун Циррозу Колдонулган адабияттарБоордун ЦиррозуБоор

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Мугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?МоральИррационалдык санКуранТемиркул ҮмөталиевМуктар АуэзовГлобалдык экологиялык проблемаларМакалаКаныккан углеводороддорКыргызстан театрларыКиловаттСоветтер Союзунун баатырларыЭпосАсан КайгыТезисФосфорШүкүрбеков РайканГормонБөлүкчөИтКыргызстандагы таш дооруАйЖарыктын поляризациясы (ЖП)Каныкей образыАбдырахман Кучак уулуАныктоочДраматургияКыргыз Ала-ТооКалпакСырдык сөзИнтервьюИшеналы АрабаевВирусДабан мамлекетиКездемеЗомбулукОрто АзияЖөтөлгө каршы дарыларМүнүшкөрОрмон ханГапаров МурзаКыргыз этнонимиКылмыштуулукУстуканАбстрактуу түшүнүкСаякбай КаралаевУлуу БританияТууранды сөзУкраинаКеңештер БирлигиМейкиндик жана убакытАйгүл гүлүАйтматовдун чыгармаларыЖакыпбеков АшымБир өңчөй мүчөСинонимЖоомарт БөкөнбаевНерв системасыЧубак (баатыр)Дем алуу органдарыТом ХэнксЭтиштин чактарыДүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсүЧыңгыз ханИнсанЖомокКараханийлер кагандыгыЭр ТөштүкАрчаКитепГрадусОрозбак уулу СагымбайКвадратБронх астмасыМонархияМамлекеттик чек араСүрө🡆 More