I.
геометрияда - 1) геометриялык фигуралар менен беттердин сандык мүнөздөмөлөрүн бири. А. төмөнкү касиеттерге ээ: 1. терс эмес, 2. аддитивдүү, 3. жылдырууда сакталат, 4. бирдик квадраттын А-ы 1ге барабар.
А-ты эсептөө байыртадан эле геометриянын негизги маселелеринин бири болгон. Байыркы грек окумуштуулары айрым фигуралардын А-тарын эсептөөнүн эрежелерин билишкен. Бул эрежелер Евклиддин "Башталыштар" аттуу жыйнагында теорема формасында берилген.
Тегиздиктеги көп бурчтуктарды тик бурчтуктарга келтирүү аркылуу ченелет. Айрым А-тарды Кавальери принцибинин жардамы менен аныктоого болот. Ар кандай жалпак фигуралардын А-тары аныкталган интегралдын жардамы менен эсептелинет. (Б.Э. Канетов).
I план боюнча курулган имараттардын аралыгында коомдук мааниси бар жашылдандырылган бош жер. Шаарларды жана кыштактарды курууда А. эки түргө бөлүнөт: башкы аянт (театр, вокзал, соода, коомдук-административдик имараттын алдында); кичи аянт (эстеликтердин, парктардын, стадиондордун, окуу жайлардын ж-а өнөржай ишканаларынын алдында).
Египетте, Грецияда жана Римде форумдар үчүн, ал эми Кайра жаралуу доорунда собордук жаба табынуу үчүн курулган имараттардын алдында А-тар болгон.
Маалымат булагы:
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Том 1. Бишкек-2006. 661-662-бб.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аянт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.