Евклид

Евклид (айрым маалыматтар боюнча биздин заманга чейин 325–265-ж.) – байыркы грек математиги.

Евклиддин өмүрү жөнүндө маалыматтар өтө аз. Евклид болжол менен биздин заманга чейин 3-кылымдын башында Александрия шаарында иштеген. Негизги эмгеги 15 китептен турган жыйнак – «Негиздер» (лат. – «Элементтер»). Мында Евклид ошол мезгилге чейинки математиканын планиметрия, стереометрия жана сандар теориясынын көптөгөн маселелеринин өнүгүшүн жалпылап, анын андан ары өөрчүшүнө түрткү берген. Ал астрономия, музыка, оптика жана башка илимдер боюнча да эмгек жазган. Анын жогорку математикага тиешелүү, 4 китептен турган «Конустук кесилиштер» жана башка чыгармалары бизге жеткен. Алардын түп нускасы жана латын котормосу, ошондой эле кийинки авторлордун түшүндүрмөлөрү менен «Euclidis opera omnia» ed. I. L. Heiиerе eе H. Menge, V. 1–9, 1883–1916-жылкы басылышында жыйналган. Евклиддин «Негиздери» 1948–50-ж. орус тилине которулуп, жарык көргөн.

Евклид
Euclides, 1703

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

АстрономияМузыкаОптика

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Улуу Ата-Мекендик согушКөкө уулу ЖеңижокЖусуп АбдрахмановГерманияКыргызстандагы диний ишенимдериКошожашБугу (уруу)МенеджментДидактикаМактумгулуКеңеш ЖусуповСарыбагышСинтаксисЖүрөкЖарганатЭпосФонетикаХимиялык булаларШераалы ханСак цивилизациясыЖер титирөөКыргызстандын туусуНоорузӨспүрүм балдарКыргызстандын тышкы саясатыСууну тазалооКлетка теориясыКурмангазы Сагырбай уулуКара-Кулжа районуТүшүндүрмө мүчөЗуура СооронбаеваСөз айкашыБиринчи дүйнөлүк согушАминдерМеталлФразеологизмдерКавказТелибай тентекБагыныңкы сүйлөмКан группаларыЭлектр-магнит толкундарыИсхак РаззаковМамлекеттик бюджетОрто кылымдарБаткен облусуКененсарынын чапкыныКыргызстандын дары сууларыАфрикаНатрийТүштүк ЕвропаДаван мамлекетиТөрт бурчтукБраузерӨтмө мааниРаев Султан АкимовичОмонимКошмок сөздөрЧуст маданиятыСалижан ШариповКүнГеометрияБюджетЖөндөмө категориясыАюуАлай өрөөнүЖетимишев СейитЧыйырдыЧакан бизнесГрузияКыргыз тилинин грамматикасыТуберкулёзЖалбыракКонституцияВитамин жетишсиздигиМайрамдарСөөк системасыУран (планета)Морфология🡆 More