GNU (ГНУ) — компүтердик программанын операциондук системасы жана кеңири жыйнагы.
GNU толугу менен эркин программадан жазылат, анын көпчүлүгү GNU долбоорунун өзүнүн GPL'инин алдында лицензияланат.
Ал "GNU's Not Unix!" ("GNU бул Unix эмес") деген рекурсивдик акроним маанисин билдирет. Бул аталыш тандалып калган себеби, GNU'нун дизайны Unix сыяктуу, бирок ал эркин программа жана эч кандай Unix кодун камтыбаганы менен айырмаланат. GNU долбоору GNU HURD аттуу операциондук система өзөгүн камтыйт. Ал Free Software Foundation'дин (FSF) баштапкы басым жасаган нерсеси болгон. Бирок, GNU эмес өзөктөрдү, мисалы эң эле белгилүү Linux'ту, GNU программалык камсыздоо менен колдонгонго болот; Hurd өзөгү өндүрүшкө даяр эмес болгондуктан, азырынча GNU системасы көбүнчө ушул жол менен колдонулат. GNU программалык камсыздоосу менен Linux өзөгүнүн айкалышы адатта Linux (же айрым учурларда GNU/Linux) деп аталат.
Долбоордун түптөөчүсү Ричард Столлман GNU'ну "коомдук максаттар үчүн техникалык каражаттар" катары көрөт. Ошондой эле Лоуренс Лессиг Столлмандын "Эркин программалык камсыздоо, эркин коом" (англ. Free Software, Free Society) китебинин экинчи басылышынын кириш сөз бөлүмүндө билдиргендей, "программалык камсыздоонун социалдык аспектилери жана кантип Free Software жамаат менен коомдук адилеттикти түзө алаары" тууралуу жазылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article GNU, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.