Шабдалы, түгөрүк (лат.
Негизинен 5 (кадимки, Гансун, Давид, Потанин, таң калаарлык) түрү белгилүү. Борбордук жана Түндүк Кытайда жапайы түрү кездешет. Эгилме сорттору кадимки Шабдалыдан чыгарылган. Калган түрлөрү кооздук жана кыйыштыруу үчүн пайдаланылат. Кадимки Шабдалы бийиктиги 8 мге чейин, жазы, жөнөкөй жалбырагы кезектешип жайгашат. Гүлү кош жыныстуу. Мөмөсү данектүү, ширелүү (20-600 г), тоголок, сүйрү. Өңү сортуна жараша мала жашыл, кызгылт, саргыч болот. Сулуу ак же сары, кыйгыл таттуу. Шабдалы көбүнчө АКШ, Франция, Италия, Япония, Испания ж, б. өлкөлөрдө, Орто Азия, Молдавия, Закавказье, Дагстан, Кавказ, Крымда өстүрүлөт.
Жылуучул, ысыкка байымдуу өсүмдүк. 2-3 жылдыгынан 15-20 жылга чейин мөмөлөйт. Сулпунда 80-90% суу, 6-14% кант, 0,5-1,2% пектин заты, 0,08- 1,01% кислота, 9,4-20 мг% С витамини, 0.6-1,0 мг% каротин, данегинде 20-60% май, 0,4-0,7% эфир майы бар. Мөмөсү жаңы кезинде же кургатылып желет, компот, шире, кыям жасалат. Гектарынан 20-40 т түшүм алынат.
Кыргызстанда Александр эртечили, Инжир кызылы, Кызыл нектарин, Риверс эртечили, Чемпион, Эльберта, Кыргызстан. Ак шабдалы сорттору Ош, Чүй, Ысык-Көлдө өстүрүлөт. Зыянкечтери: Шабдалы бити, Шабдалы күбөсү. Илдеттери: жалбырак чүрүшмөсү, темгилдуүлүк. чаңгыл кебер.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шабдалы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.