Эвфемизм (гр.
– жакшы сүйлөймүн) – кулакка жагымсыз угулуучу орой, адепсиз сөздөрдү шартка, угуучунун психологиясына ылайык жымсалдаштырып, маданиятташтырып айтуу. Бул көрүнүш бул же тигил элдин үрп-адаты, маданияттуулук даражасы, эстетикалык туюму, этикалык нормаларды сактай билиши менен тыгыз байланыштуу. Мисалы, “төрөдү” дегендин ордуна – «көз жарды», «боюнан бошоду» деген сөздөр колдонулат. Эвфемизм тилди байытууда өзүнчө мааниге ээ.
Жөнөкөй сөз менен айтканда эвфемизм — көрүнүштөрдүн, кубулуштардын же буюмдардын одоно аталыштарын жумшартып, сылык формага алмаштырып, синонимдик байланыштар менен кошуп айтуу
"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эвфемизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.