Триптих (грекче triptychos – үч бүктөлгөн) – живопись чыгармасы (сейрек графика же рельеф түрүндөгү скульптура катары).
Ал жалпы бир темадагы өз алдынча турган үч бөлүктөн турат. Т-тин ортоңку бөлүгү өзүнүн мазмунунун маанилүүлүгү жана көлөмү менен айырмаланып турат. Сейрек Т. бир полотнодо аткарылышы мүмкүн жана бул учурда анын башка бөлүктөрү жээктер менен ажыратылып турат. Т. өткөн замандын батыш европалык көркөм искусствосунда рельефтик же живопись сүрөттөрү бар үч бөлүктөн турган бүктөм Т. айрыкча XIV–XVI кылымдарда кеңири тараган жана көп учурда бир кыйла көлөмдөгү алтардын үстүндөгү композиция катары кездешкен, Диптих, Полиптих менен салыштыр.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Триптих, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.