Тоо эчки (лат.
Текеси ири, мүйүзү чоң, ээгинде сакалы бар. Эчкиси кичирээк, желини 2 үрптүү. Жүнү кылчыктуу, түбүндө тыбыты болот. 10 түрү Европа, Азия жана Африканын тоо лорунда таралган. Алар аскалуу бийик тоолордо үйүрү менен жашайт. Аска, жарларга оңой чыгат, шамдагай. Жайында тоонун чокусуна чыгып, кышкысын төмөнүрөөк түшөт. Өсүмдүк менен азыктанат. Тянь - Шанда сибирь тоо эчкиси жашайт. Өңү боз. түнүчүндө, эртең менен, түштөн кийин салкында оттойт. Алар 2-3 жашында үйүргө кошулат, полигамдар. 5 ай көтөрүп, май-июнь айында 1-2 улагын тууйт. Тоо эчки аңчылык үчүн баалуу жаныбар. кыргызстанда тоо эчки көп. Бакма эчки тоо эчкилерден келип чыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тоо эчки, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.