Рибонуклеин кислоталары (рнк) — бардык микроорганизм, өсүмдүк жана жаныбар организминин бөлүнгүс компонентин түзүүчү, табиятта кеңири тараган биополимерлер.
РНК нуклеин кислоталарынын бири. Курамында рибоза, аденин (A), гуанин (G) (пурин негиздери) жана урацил (U), цитозин (C) (пирамидин негиздери) кирет. Ал генетикалык информацияны бөлүштүрүүгө катышат.
РНКнын клеткадагы милдеттери өтө татаал жана ар түрдүү. Аткарган милдеттерине жараша РНК үч түргө бөлүнөт: рибосомалык (рРНК), ташуучу (тРНК) жана информациялык (иРНК). Рибосомалык РНК белок синтезделген учурда пептид байланышын түзүүгө катышат, тРНК организмде белок биосинтези учурда активдүү аминокислота калдыктарын бириктирип, рибосомага ташыйт, иРНКлар организмде нуклеотиддердин ырааттуу жайгашуусун камсыз кылат. Бул процесстер бузулса белок синтези жана тукум куума процесстер бузулат.
Белок синтезинин бузулушунан пайда болгон оору талассемия деп аталат. Ошондой эле боордун, бөйрөктүн, бездердин кээ бир оорулары да иРНКга байланыштуу болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рибонуклеин кислоталары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.