Панда, кидик панда (Ailurus fulgens) – жырткычтар түркүмүнүн жанаттар тукумундагы сүт эмүүчү.
Дене узундугу 51–64 см, куйругу 28–48 см, салмагы 3–48 кг. Жүнү калың, жумшак, жон жагы саргыч-күрөн, курсак жагы кызыл-күрөң (карага чейин) түстө. Түштүк-Батыш Кытайда, Бирма, Непалда кездешет. Деңиз деңгээлинен 2–4 миң м бийик тоодо, бамбук токойлорунда жашайт. Күндүз жыгачтын оюктарында жашынып жатып, түнкүсүн азыгын издейт. Көбүнчө өсүмдүк, кээде майда омурткалуулар менен азыктанат. Жылына бир жолу 1–2 мамалак тууйт. Колго жакшы үйрөнөт, капаста кармаса болот. Ири Панда бамбук аюусу деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Панда, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.