Николай I

Николай I, Николай Павлович Романов – Россия императору (1825–55), император Павел Iнин үчүнчү уулу.

6 (6. 7). 1796, Царское Село, азыркы Пушкин ш. – 18. 2 (2. 3). 1855, Петербург] – Россия императору (1825–55), император Павел Iнин үчүнчү уулу. Агасы Александр I капыстан каза болгондон кийин такка отуруп, декабристтердин көтөрүлүшүн аёосуз басуу менен каардуу бийлигин баштаган. Мамлекеттик башкарууну борборлоштуруп, армияны чыңдаган. Революциячыл кыймыл менен алдыңкы мадабиятка каршы күрөшүүдө жашыруун саясий полиция («Үчүнчү бөлүм») кызматына таянган. 1826-жылы 6-декабрда мыйзам чыгаруу органынын ордуна Комитет түзгөн. Николай Iнин учурунда 1835-жылга чейин иштеп келген бардык мыйзам чыгаруу актылардын кодекси – «Россия империясынын мыйзамдар жыйнагы» түзүлгөн. Билим берүү системасында дворяндарга көбүрөөк жеңилдиктер берилген («Гимназиялык устав», 1828; «Императордук россиялык университеттердин жалпы уставы», 1835). Реакциячыл реформалар жүргүзүлгөн, прогрессчил журналдарды жаап, цензураны күчөткөн. Анын катаал тартибинен А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Щевченко, А. И. Герцен, Н. П. Огарёв, Н. А. Полевой, Н. И. Надеждин, П. Я. Чаадаев жана башка демокр, маанайдагы инсандар жапа чеккен. Петрашевчилердин революция лык уюмдары, Кирилл-Мефодий коому жана башка уюмдар жоюлган. Николай I улуттук кыймылдарды (Кавказдагы Шамилдин кыймылы, 1830–31-жылы поляктардын көтөрүлүшү) катуу басып, башка элдерди күч менен орус тилинде сүйлөттүрүп, христиан динин кабыл алууга мажбурлаган. Николай I Россия империясынын экономикасын өнүктүрүү максатында мануфактуралык жана коммерциялык кеңештерди түзүп, өнөр жай көргөзмөлөрүн уюштуруп, техникалык окуу жайларды ачкан. Европадагы революция лык кыймыл менен күрөшүү үчүн 1833-жылы Австрия императору жана Пруссиянын королу менен Ыйык союз түзүп, «Европа жандармынын» ролун аткарган. Бул союздун принциптерин иш жүзүнө ашырып, Франция менен дипломатиялык мамилелерди жоюп, Дунай княздыктарына кирүүгө аракеттенип, Венгриядагы революцияны (1848–49) баскан. Н. I О. Азия менен Казакстанды басып алуу саясатын жүргүзгөн. Крым согушунда (1853–56) Россиянын жеңилиши Николай Iнин бүтүндөй саясий системасын ураткан.

Николай I

Колдонулган адабияттар

Tags:

ДекабристтерОрусия империясы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз сүрөт өнөрүРысбай АбдыкадыровФевраль революциясы (1917)Кошмок сөздөрУлуттук эсепТемирӨз алдынча разрядДекларация (жарнак)Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)Биринчи жардамКыргызстандагы таш дооруКыргызстан алтын кендериjvrkk«Көкөтөйдүн ашы»Тике сөзЖаңыл МырзаСарыкЫкташууКалык АкиевАжар (повесть)Чуст маданиятыКаада- салттар,ырым-жырымдарШамалСеметейКелишимВольфганг Амадей МоцартАт атоочПрокуратураЭволюцияЛюдвиг ван БетховенСын атоочМанастын туулганыКубатбек ЖусубалиевНасирдин ИсановФонетикаТоктогул ырчыТянь-Шандын түндүк тизмегиМухаммед кыргызТоо арасында (роман)ЮпитерТурусбеков ЖусупТуруктуу сөз айкаштарыГенетикаЖер тобундагы планеталарКөкө уулу ЖеңижокАткаруу бийлигиКылмышЖерБасым (физикалык)Кыргызстандын географиясыКычкылтекКыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайыАлыкул ОсмоновӨспүрүм балдарАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиМиграцияРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Айлана чөйрөнү коргооӨзгөн архитектуралык комплексиБаяндоочКыргызстанМанас эпосу, ЭнциклопедияЖай мезгилиБаш мүчөЖердин айлануусуКомпьютерСуу ЧечекКызыл алма (тасма)Үчтүк союзМидин АлыбаевАбсамат МасалиевБышыктоочӨсүмдүкКүндөрдүн аталышыАтама сүйлөмАлаш (партия)«Букара» биримдигиКазакстанБириккен Улуттар Уюму🡆 More