Мэтт Деймон: Америкалык актёр, продюсер жана сценарист

Мэттү Пейж Деймон (англ.

Актер Forbes журналдардын арасында эң суроо-талаптуу жылдызы жана бардык замандардын эң кирешелүү актеру болуп саналат. Деймон бир канча сыйлыктарга ээ, алардын арасында "Оскар" сыйлыгы (беш номинациядан), эки "Алтын глобус" сыйлыгы (сегиз номинациядан), Британия Фильм сыйлыктарынын эки номинациясы жана "Эмми" сыйлыктын алты номинациясы.

Мэтт Деймон: Өмүр таржымалы, Жеке жашоосу, Тартылган тасмалары

Кембриджте (Массачусетс) туулуп өскөн Деймон актердук кесибин мектептин жогорку класстарынын театрдык оюндарында катышканы менен баштаган, актер биринчи ролун "Мистикалык пицца" (англ. Mystic Pizza, 1988) тасмасында аткарган. 1997-жылы Деймон "Акылдуу Уилл Хантиң" (англ. Good Will Hunting) тасманын сценарийин жазып жана тасмада Бен Аффлек менен бирге тартылып атактуулукка жеткен, бул тасма аларга "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктардын "Эң мыкты сценарий" номинацияларынын жеңишин алып келген жана Деймон "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясынын талапкери болгон. Актер "Жоокер Райанды куткаруу" (англ. Saving Private Ryan, 1998) (Райан), "Таланттуу мистер Рипли" (англ. The Talented Mr. Ripley, 1999) (терс каарман), "Догма" (англ. Dogma, 1999) (туура жолдон адашкан периште), "Сириана" (англ. Syriana, 2005) (энергетик), "Чыккынчылар" (англ. The Departed, 2006) (Ирландия-америкалык паракор полиция кызматкери) тасмаларда аткарган ролдору үчүн киносынчылар тарабынан жогору бааланган.

Деймон "Жейсон Борн" (англ. Jason Bourne) франшизасында (2002–16) башкы каармандын ролун аткарганы менен жана "Оушэн үчилтиги" (англ. Ocean's Trilogy, 2001–07) франшизасындагы ролу менен таанымал. Актер "Багынбас" (англ. Invictus, 2009) тасмада регби оюнчусу Франсуа Пиенаранын ролун аткарып "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясынын талапкери болгон, ал эми "Марсиан" (англ. The Martian, 2015) тасмадагы башкы ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациянын талапкери болгон. Акыркы тасмадагы ролу актерго "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясынын жеңишин алып келген. Актер "Канделябрлар артында" (англ. Behind the Candelabra, 2013) тасмада Скотт Торсондун ролун аткарганы үчүн жана "Жашыл чырак" (англ. Project Greenlight) телесериалдын продюсердик ишине Деймон "Эмми" сыйлыктын талапкери болгон. Деймон "Деңиз жээгиндеги Манчестер" (англ. Manchester by the Sea, 2016) тасманын продюсери катары "Оскар" сыйлыктын талапкери болгон.

Деймон тасмаларда роль аткарганына кошумчалуу мультфильм жана документалдык тасмалардын үнүн коштогон, ошоной эле ал Аффлек менен бирге эки тасма өндүрүүчү компанияларды негиздеген. Актер соопчулук иштерде активдүү түрдө катышат, алардын ичине ONE Campaign, H2O Africa Foundation, Feeding America жана Water.org уюмдары кирет. Деймон аялы Лүсьяна Бозан Баррозо менен бирге жашайт, жубайлардын үч кызы бар.

Өмүр таржымалы

Жеке жашоосу

Тартылган тасмалары

Шилтемелер

Tags:

Мэтт Деймон Өмүр таржымалыМэтт Деймон Жеке жашоосуМэтт Деймон Тартылган тасмаларыМэтт Деймон ШилтемелерМэтт Деймон19708-октябрьАКШАлтын глобусАнглис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Ак Мөөр (поэма)Биринчи майКасым ТыныстановЛексикаАныктоочЖер атмосферасыБайыркы Египет маданиятыНептунЕвразияИч өткөкЗат алмашууЭхинококкозАмир ТемирАрхитектуралык эстеликтерЖер-суу реформасыЧакчылЖердин экологиялык маселелериКасымалы БаялиновБарсбек каганТыбышГалогендерКоёндор жапайыБайчечекейКыргыз композиторлоруЖаныбарКенгуру сымалдар«Манасты» жыйнооЖер тобундагы планеталарЭр ТөштүкОрозбак уулу СагымбайЖаз мезгилиНеологизмАтом физикасыПланетаСемантикаКлетка теориясыСаймалуу ташКубатбек ЖусубалиевКыргыз элчиликтериМеталл эместерМахмуд КашгариБаланы бешикке бөлөөПрозаРаев Султан АкимовичТүгөлбай СыдыкбековМутациялык селекцияОрганикалык химияӨрт коопсуздугуКасымалы ЖантөшевДарыяГеографиялык улуу ачылыштарМихаил ГлинкаЭссеКөк бөрүГлобалдык экологиялык проблемаларТоголок Молдонун чыгармаларыРиторика.Риторика илими.Жугуштуу ооруларНарынКислоталар жана негиздерБеларусьАтоочтукИтМакал лакапТянь-Шандын түштүк тизмегиКөбөйүүЭлектр кыймылдаткыч күчүЭкономикаЭр ТабылдыШамалМанас эпосу, ЭнциклопедияАнжиян көтөрүлүшүКычкылтекСейтекУлуу жибек жолуЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүБанк🡆 More