Булгаков Михаил Афанасьевич – орус жазуучусу, драматург.
(15) 5. 1891, Киев 10. 3. 1940, Москва] – орус жазуучусу, драматург. Киев университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1919-ж. чейин Смоленск губерниясында врач болуп иштеген. Кийин адабиятка өткөн. 1920–22-ж. «Накануне» гезити (Берлин) менен карым-катнашта болгон. Алгачкы сатиралык жыйнактарында анын сүрөткерлик чеберчилиги байкалган. «Ак гвардия» романына поэтикалуулук жана назик психологизм мүнөздүү. Ал «Ак гвардия» (1925–27) романында жана «Турбиндердин күндөрү» (1926), «Качуу» (1957) пьесаларында ак гвардиячылар менен эмигранттардын тагдырын сүрөттөгөн. «Кызыл кан арал» (1928), «Мольер» (1936), «Соңку күндөр» (Пушкин жөнүндө, 1940) аттуу пьесалардын автору. «Устат менен Маргарита» (1966–67) сатиралык-философиялык романы кыргыз тилине которулган. Бул роман М. Булгаковго ал өлгөндөн кийин дүйнөлүк атак алып келген. Роман боюнча драма коюлуп, кино да тартылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Михаил Булгаков, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.