Мбабане – Свазиленд Королдугунун борбору.
Хохо округунун административдик борбору. Өлкөнүн түндүк-батышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Мдимба бөксө тоосунда, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 62,0 миң (2010). ТАРдын түндүк-батышы жана Манзини шаары (андан ары Мапуту, Мозамбик) менен автомобиль жолу аркылуу байланышат. Мбабанеге калк 18-кылымда эле отурукташа баштаган. 19-кылымдын аягында свази элинин жол башчысы Мбандзенинин резиденциясына жакын жерде негизделген. 1899–1902-жылдары Улуу Британияга көз каранды болуп келген. 1903–68-жылдары Британиянын Свазилен протекторатынын административдик , 1968-жылдан Свазиленддин борбору. Тамак-аш, тигүү, металл иштетүү, айыл чарба азыктарын (бал камыш, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү) иштетүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттин кампусу, фонд биржасы бар. Мбабанеге жакын жерде асбест иштетилет. Жыл сайын свази элинин каада-салты менен коштолгон инквала, умланга бий фестивалдары жана элдик майрамдар өткөрүлүп турат. Млилване табигый паркы (Түштүк Африканын экзотика фаунасынын өкүлдөрү – керик, крокодил, жираф, зебра ж. б. мекендейт) уюштурулган. Туризм өнүгүүдө.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мбабане, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.