Лас-Вегас – АКШнын түштүк-батышындагы шаар.
Невада штатынын түштүгүндө. Калкы 570,1 миң (2010; шаар агломерациясы менен 2,3 млн). Ири жолдор тоому. Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги аэропорттору бар.
Лас Вегас | |
англ. Las Vegas | |
Өлкө | АКШ |
---|---|
{{:if:Округ|Округу|Округ|Округу|Район}} | Кларк |
Тарыхы жана Географиясы | |
Аянты | 340.0 |
Калкы | |
Калкынын саны | 583 756 ([[]]) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | -8 |
1905-ж. негизделген. 1911-жылдан шаар. Лас-Вегастын борборунда мормондордун эски форту (1855; чийки кыштан салынган), отель, «Голден Гейт» казиносу, үстү жабык Фремонт көчөсүндө казино-отели (1946; негизинен Голливуд кинолору тартылуучу жер) жайгашкан. Жалпы улуттук маанидеги көңүл ачуу индустриясынын жана туризмдин борбору. Электр-техникалык өнөр жай, агломерациясында жогорку технология чөйрөсү (телекоммуникация, электрондук оюндарды жөнгө салуу), Лас-Вегаска жакын жерде «Неллис» аскер-аба базасы иштейт. Университеттер, бир нече коллеждер жана сүрөт галереясы, китепканалар, музейлер бар. Теннис боюнча эл аралык турнирлер (аялдар жана эркектер арасында), «Формула-1» автожарышы, ишкер жана илимий конференциялар, көргөзмө, жармаңке жана башка өткөрүлүп турат. Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүчү уюмдар (туристтерди кызыктырат) уюштурулган. Климаттык курорт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лас-Вегас, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.