2015

2015 (эки миң он бешинчи) жыл — григорий календары боюнча бейшемби күнү башталат.

Бул жыл биздин замандын 2015, 3-миңжылдыктын 15, ХХI кылымдын 15-жылы болуп эсептелинет.

Жылдар
2011 · 2012 · 2013 · 2014 2015 2016 · 2017 · 2018 · 2019
Онжылдык
1990-чу · 2000-чу2010-чу2020-чу · 2030-чу
Кылымдар
XX кылым — XXI кылым — XXII кылым
3- миң жылдык
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым — XXII кылым — XXIII кылым
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
2010-чу 2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018 2019
2020-чу 2020 2021 2022 2023 2024 2025 2026 2027 2028 2029
2030-чу 2030 2031 2032 2033 2034 2035 2036 2037 2038 2039
2040-чу 2040 2041 2042 2043 2044 2045 2046 2047 2048 2049
2050-чу 2050 2051 2052 2053 2054 2055 2056 2057 2058 2059
2060-чу 2060 2061 2062 2063 2064 2065 2066 2067 2068 2069
2070-чу 2070 2071 2072 2073 2074 2075 2076 2077 2078 2079
2080-чу 2080 2081 2082 2083 2084 2085 2086 2087 2088 2089
2090-чу 2090 2091 2092 2093 2094 2095 2096 2097 2098 2099
2100-чу 2100 2101 2102 2103 2104 2105 2106 2107 2108 2109
Хронологиялык жадыбал
Жылдар
2011 · 2012 · 2013 · 2014 2015 2016 · 2017 · 2018 · 2019
Онжылдык
1990-чу · 2000-чу2010-чу2020-чу · 2030-чу
Кылымдар
XX кылым — XXI кылым — XXII кылым
3- миң жылдык
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым — XXII кылым — XXIII кылым
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
2010-чу 2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018 2019
2020-чу 2020 2021 2022 2023 2024 2025 2026 2027 2028 2029
2030-чу 2030 2031 2032 2033 2034 2035 2036 2037 2038 2039
2040-чу 2040 2041 2042 2043 2044 2045 2046 2047 2048 2049
2050-чу 2050 2051 2052 2053 2054 2055 2056 2057 2058 2059
2060-чу 2060 2061 2062 2063 2064 2065 2066 2067 2068 2069
2070-чу 2070 2071 2072 2073 2074 2075 2076 2077 2078 2079
2080-чу 2080 2081 2082 2083 2084 2085 2086 2087 2088 2089
2090-чу 2090 2091 2092 2093 2094 2095 2096 2097 2098 2099
2100-чу 2100 2101 2102 2103 2104 2105 2106 2107 2108 2109
Хронологиялык жадыбал

Негизги окуялар

Январь

  • 1-январь:
    • Литва Евробиримдиктин 19-мүчөсү болуп, евро валютасына өттү.
    • Евразиялык Экономикалык Биримдик өз ишин баштады.
    • Крым жарым аралында өткөөл мезгил аяктады.
  • 7-январьПарижде теракт болгон. "Шарли Эбдо" журналынын кеңсесине үч белгисиз адам чабуул койгон.
  • 8-январь — Шри - Ланкада президенттик шайлоо болуп, жыйынтыгында Маитрапала Сирисена жеңишке жеткен.
  • 11-январьХорватиянын президентинин шайлоосунун экинчи туру. Жеңишке Колинда Грабар-Китарович жеткен.
  • 14-январьИталиянын президенти Джорджо Наполитано отставкага кеткен.
  • 20-январьЗамбияда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында жеңишке Эдгар Лунгу жеткен.
  • 22-январьЙемендин Абд Раббо Мансур Хади отставкага кеткен.
  • 23-январьСауд Аравиясынын падышасы Абдуллах Аль Сауд каза болуп, анын ордуна Абдуллахтын иниси Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд келген.
  • 24-январдан1-февралга чейин — XXVII кышкы Универсиада өткөн (1-бөлүгү, Штребке-Плесо жана Осрблье, Словакия).
  • 25-январь:
    • Грецияда кезексиз парламенттик шайлоо болуп, оппозициялык СИРИЗА партиясы жеңип чыккан.
    • Эдгар Лунгу Замбиянын президенттик кызматына киришкен.
  • 26-январь — Грециянын жаңы өкмөт башчысы СИРИЗА партиясынын жетекчиси Алексис Ципрас болгон.
  • 31-январь - Италияны жаңы президенти болуп Серджио Маттарелла шайланган.

Февраль

  • 3-февраль — Серджио Маттарелла Италиянын президент кызматына киришкен.
  • 4-февральТайвандын борбору болгон Тайбэй шаарынан алыс эмес жерде TransAsia компаниясынын ATR 72-600 учагы кыйрап, ичиндеги 58 адамдын 43ү каза болуп, 15и жаракат алган.
  • 414-февраль күндөрү — XXVII кышкы Универсиада (2-бөлүгү, Гранада, Испания)
  • 515-февраль — 65-Берлин эл аралык кинофестивалы.
  • 14-февральКопенгаген шаарында (Дания) атышуу болуп, жыйынтыгында 3 киши каза болгон жана 5 киши жаракат алган.
  • 18-февраль:
    • Грецияда президенттик шайлоо өтүп, Прокопис Павлопулос шайланат.
    • Молдованын өкмөт башчысы Кирилл Габурич болгон.
  • 19-февраль — египеттик аскерлер Ливиянын аймагына кирип, Ислам Мамлекети тобу басып алган Дерна шаарына чабуул коюшкан.
  • 19-февралдан — 1-мартка чейин — лыжа түрүндөгү спорт боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн (Фалун, Швеция).
  • 27-февраль — Москвада оппозиционер, Орусиянын Республикалык партиясынын төрагасы Борис Немцов өлтүрүлгөн.

Март

  • 1-март:
    • Эстонияда парламенттик шайлоо өткөн.
    • Тажикистанда да парламенттик шайлоо болуп, анда жалгыз НДП партиясы беш пайыздык барьерден ашкан.
  • 4-март — Засядько атындагы шахтада (Донецк) авария болуп, 34 шахтёр каза болгон.
  • 11-мартКазан шаарында (Россия) ири соода борборунда өт чыгып, 17 адам каза болуп, 40 киши жаракат алган.
  • 17-март — Израилде кезексиз парламенттик шайлоо өткөн.
  • 18-мартТунистин борбор шаарындагы Бардо музейне террористтер кол салып, 20дан кем эмес адам мерт кеткен.
  • 20-март:
    • Абхазиянын жаңы өкмөт башчысы болуп Артур Миквабия дайындалган.
    • Йемендин Сана шаарында террористтер эки мечитти жардырышып, жыйынтыгында 137 адам каза болуп, 357 адам жаракат алышкан. Жардырууларды Ислам Мамлекети тобу өз моюнуна алган.
  • 24-март — Франциянын түштүгүндө A320 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр учагы кыйраган, ичинде болгон 150 адам тең каза болгон.
  • 29-март — Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында мурдагы президент Ислам Каримов кайрадан жеңишке жеткен.

Апрель

2015 
SpaceX компаниясынын цехтеринин биринде
  • 2-апрель Кениянын Гарисса шаарындагы университетке «Аль-Шабааб» тобунун терррорчулары чабуул коюшкан, 148 адам өлгөн.
  • 5-апрель — оңдолуп жана жаңыртылган Чоң адрондук коллайдер ишке киришкен.
  • 14-апрель — Жер Ортолук деңизде Ливиядан Италияга легалдуу эмес 550 мигрантты жеткирип бараткан кеме чөгүп кетип, 400дөн ашык адам каза болгон, алардын көбүн балдар түзгөн.
  • 19-апрель:
  • 25—28-апрель — Непалда күчү 7,8 Mwге жеткен жер титирөө болгон.Зилзаладан 8699 киши каза болуп, 22 489 адам жаракат алышкан, 8 млн киши жабыр тарткан. Индияда 69 адам каза болуп, 270тей адам жарадар болсо, Кытайда 25 адам каза болуп, 117 киши жарадар болгон.
  • 26-апрель:
    • Казакстанда президенттик шайлоодо мурунку президент Нурсултан Назарбаев жеңишке жеткен.
    • Түндүк Кипрда президенттик шайлоонун 2-туру болуп, Мустафа Акынджи жеңген.
  • 27-апрель — америкалык SpaceX компаниясы космоско биринчи түркмөн спутнигин учурган.

Май

2015 
EXPO 2015 көргөзмөсүндөгү павильондордун бири
  • 7-май — Улуу Британияда парламенттик шайлоо болуп өтүп, Консервативдик партия жеңишке жеткен.
  • 8-май — Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке кошулат.
  • 9-май - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы болуп, Бишкекте аскердик парад өткөрүлгөн.
  • 1324-май күндөрү — 68-чи Канн кинофестивалы өткөн
  • 16-май:
  • Ислам мамлекети тобу Ирактын Рамади шаарын басып алуу менен Анбар провинциясына толук көзөмөл жүргүзө баштагн. Ирак өзүнүн алсыздыгын жарыялаган.
  • 1923-май күндөрү — юбилейдик 60-чы "Еврокөрүнүү" ыр конкурсу өткөн (Австрия). Конкурста Монс Сельмерлёв (Швеция) «Heroes»ыры менен жеңген.
  • 27-майШвейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын бир нече жогорку кызматты ээлеген чиновниктери камакка алынышкан.

Июнь

  • 3-июнь — Латвияда президенттик шайлоо өтүп, мурдагы коргоо министри Раймондс Вейонис жеңген.
  • 1228-июнь күндөрү — Биринчи Европа оюндары өтөт (Баку, Азербайджан).
  • 18-июнь — Парламенттик шайлоо Данияда өткөн.

Июль

  • 314-июль —XXVIII Жайкы Универсиада өткөн (Кванджу, Түштүк Корея).
  • 426-июль — 102-чи велокөпкүндүгү болгон Тур де Франс өткөн, Sky Team командасыны өкүлү Криса Фрума жеңишке жеткен.
  • 810-июль — VII БРИКС өлкөлөрүнүн саммити (Уфа, Орусия).
  • 910-июль — ШКУ(ШОС)нун өлкө башчыларынын 20-чы жолугушуусу өткөн(Уфа, Орусия).
  • 14-июль — НАСАнын «Жаңы горизонттор» аттуу космостук кемеси Плутон планетасынын жанынан өткөн.
  • 20-июль - Суруч шаарында (Турция) 32 адамдын өмүрүн алган теракт болгон.
2015 
Windows 10
  • 29-июль — «Microsoft» компаниясы «Windows 10» операциялык системасын чыгарган.
  • 31-июлда — Эл Аралык Олимпиадалык комитет Пекинди 2022-жылы өтө турчу Кышкы Олимп оюндарын бекитти.

Август

  • 6-август - Египетте жаңы Суэц каналы ачылган.
  • 12-август — Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчөсү болду.
  • 12—15-август күндөрү — Тяньцзинь шаарында (Кытай) күйүүчү заттар сакталган кампада жарылуу болуп, 173 адам каза болсо, 800 адам жарадар болгон, 21 өртөчүргүч менен. Эки жарылуунун күчү тротил эквиваленти боюнча 3 жана 21 тоннаны түзүп, 95 адам дайынсыз жоголгон.
  • 13-августИрактын Багдад шаарында базарда жардыруу болуп, 80 адам өлгөн.
  • 17-август - Таиланддын борбору Бангкок шаарында 19 адамдын өмүрүн алган теракт болгон.
  • 22—30-август күндөрү — Пекин шаарында жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт.
  • 2430-август күндөрү — 30-чу дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өткөн (Астана, Казакстан).
  • 27-август — Грециянын тарыхында биринчи жолу аял премьер-министр болуп Василика Тану-Христофилу дайындалган.

Сентябрь

  • 2—12-сентябрь күндөрү — 72-чи Венеция кинофестивалы өткөн.
  • 7—13-сентябрь — көркөм гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн (Штутгарт, Германия).
  • 7—15-сентябрь — күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн (Лас-Вегас, АКШ).
  • 11-сентябрь:
    • Мекке шаарындагы аль-Харам мечитине кран кулап, 107 адам каза болуп, 120 киши жарадар болгон.
    • Сингапурда парламенттик шайлоо өткөн.
  • 24-сентябрь — Мекке шаарына жакын Мина аймагында тыгылыштан улам 717 адам каза болуп, 863 киши жаракат алган.
  • 28-сентябрь — НАСАнын адистери Марс планетасында туздуу суунун агымы бар экендигин далилдеген материалдарды иштеп чыккан.
  • 30-сентябрь — Орусия Сириядагы Ислам Мамлекети тобуна каршы биринчи авиасоккусун баштаган.

Октябрь

  • 4-октябрь:
    • Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында 6 партия парламентке өткөн, жеңишти КСДП партиясы камсыз кылган.
    • Португалияда парламенттик шайлоо болуп, социал-демократтар партиясы жеңишке жеткен.
    • Гватемалада жер көчкү болуп, 131 киши каза болгон.
  • 10-октябрьТурциянын борбору Анкарада 95 адамдын өмүрүн алган теракт болгон.
  • 11-октябь:
  • 23-октябрьИспания Ооганстандан өз аскерлерин чыгарган.
  • 26-октябрьОоганстанда жана Пакистанда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, Ооганстанда 33, Пакистанда 228 адам мерт кеткен.
  • 31-октябрь — Орусиялык «Когалымавиа» компаниясына таандык Airbus A321 учагы Египеттин Синай жарымаралында кыйрап, 224 адам өлгөн.

Ноябрь

Декабрь

  • 2-декабрь:
    • Крымда энергокөпүрө ишке киришти.
    • Испаниянын конституциялык соту Каталониянын көз карансыздыгы жөнүндө резолюциясын жокко чыгарды.
  • 6-декабрь:
    • Венесуэлада парламенттик шайлоолор.
    • Арменияда президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкаруу формасына өтүү тууралуу конституциялык референдум болуп өтүп, жыйынтыгында шайлоочулардын 63,35 %ы парламенттик башкарууга өтүүгө добушун беришкен.
  • 10-декабрь:
    • Wendelstein 7-X эксперименттик термоядролук реактордо тесттик плазма алынган.
    • Аргентинанын жаңы шайланган президенти Маурисио Макри расмий түрдө ишке киришкен.
  • 11-декабрь — Жерге Союз ТМА-17М экипажы кайтып келген. Экипаж курамы: Олег Кононенко (Орусия), Кимия Юи (Япония) жана Челла Линдгрена (АКШ).
  • 15-декабрь - Союз ТМА-19М космостук кемеси учурулган, курамда Юрий Маленченко, Тимоти Копра жана Тимоти Пик менен.
  • 20-декабрь — Испаниядагы шайлоолор.
  • 22-декабрьАКШда СССРдин жана Батыш блок менен Кытайдын аймагына өзөктүк чабуулдар буталары тууралуу жашыруун тизмек жарыяланган.
  • 29-декабрьБуркина-Фасонун жаңы шайланган президенти Рок Марк Кристиан Каборе расмий түрдө ишке киришкен.
  • 30-декабрь:

Илим

    Ошондой эле караңыз: 2015-жыл илимде

Спорт

    Ошондой эле караңыз: 2015-жыл спортто

Жыл адамы

Time журналынын версиясы боюнча жыл адамы — Ангела Меркель, Германиянын канцлери.

Каза болгондор

    Ошондой эле караңыз: 2015 жылы каза болгондордун тизмеси

Нобель сыйлыгы

2015 
  • Медицина жана физиология боюнча — Уильям Кэмпбелл жана Сатоси Омура — «Тоголок паразит курттар жаратуучу ооруларды айыктыруу үчүн жаңы методиканы иштеп чыккандыгы үчүн», Ту Юю — «Anopheles түрүндөгү чиркейлер тараткан безгек оорусуна каршы терапияны иштеп чыккандыгы үчүн» алышкан.
  • Физика боюнча — Такааки Кадзита жана Артур Макдональд — «Нейтриндик осцилляцияларды ачышкандыгы үчүн» бул сыйлыкка татыктуу болушкан.
  • Химия боюнча — Томас Линдаль, Азиз Санджар, Пол Модрич — «ДНКнын калыбына келүү жолун иштеп чыккандыгы үчүн» алышкан.
  • Адабият боюнча — Светлана Алексиевич — «Азыркы кездеги түйшүккө жана кайраттуулукка эстелик тууралуу эмгеги үчүн».
  • Тынчтык боюнча — Тунис мамлекеттик диалог квартетине — «2011-жылы болуп өткөн Жасмин революциясынан кийинки Тунистеги плюралисттик демократияны түзүүгө квартеттин зор салымдары үчүн».
  • Экономика боюнча — Энгус Дитон — «Керектөөнү, жакырчылыкты жана жетиштүүлүктү анализдеген иштери үчүн» берилген.

Тиркемелер

Tags:

2015 Негизги окуялар2015 Илим2015 Спорт2015 Жыл адамы2015 Каза болгондор2015 Нобель сыйлыгы2015 Тиркемелер2015БейшембиБиздин заманГригориан календары

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЖылдызЫсык-Көл облусуПараллаксЭркин сөз айкашыКанадаАвстралия (континент)Белок структураларыЖарандык коргонууЭхинококкозАлай тоо кыркасыФразеологизмдерСары-ЧелекЛексикологияИлептүү сүйлөмДүйшөнкул ШопоковЖүрөк-кан тамыр тутумуУкукПопуляцияЗат жана энергия алмашууДаван мамлекетиСаруу (уруу)Корей Эл-Демократиялык РеспубликасыХимиялык булаларМиң сомХлорСүтФразеологизмЖаныш-БайышЮпитер«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»Негиз (химия)Алгачкы коомАстрономияТүгөлбай СыдыкбековСеметейАныктоочТайлак баатырӨспүрүм балдарБакайКасымалы БаялиновТоп жылдызКычкылтекГеографиялык кабыкКыргыз уруулары«Көкөтөйдүн ашы»ТокойЭмгекКургак учукСалыштырма каршылыкБразилияКөбөйүүТаш-РабатМанас эпосуЖер тобундагы планеталарЖакиев БексултанГрекияСынган кылыч романындагы тарыхый фактыларФизикалык чоңдуктардын бирдиктериАкча системасыКоруктарКыргыз киносуЧүй облусуТоктогул СатылгановАбиотикалык факторлорЖарым өткөргүчШамалТилЭкономикаКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыЖасалма интеллект деген эмне?Айлана чөйрөнү коргооБышыктоочторБаткен облусуРоза гүлдүүлөрҮй-бүлөлүк зордук-зомбулукКазакстанСемантика🡆 More