Кумык тили — кумуктардын тили; Дагстандын мамлекеттик тилдеринин бири.
Дагстанда, Чеченстанда, Түндүк Осетин Респына тараган. Кумык тили түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет, бирок анда огуз топторуна жакындаткан элементтер да арбын кездешет. Карачай, балкар, ногой, караим жана крым татарларынын тилине жакын. Адабий кумык тили Октябрь революциясынан кийин касавюрт жана буйман диалектисинин негизинде түзүлгөн. Жазуусу 1928-жылы чейин араб алфавитинде, 1928—38-жылдары латын жазуусунда, 1938-жылдан орус графикасына өткөн. Кумык тилинде орус тилинен кирген сөздөр арбын.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кумык тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.