Кара Күрүч

Кара күрүч, карамык, гречиха (Faqopytum Gaerin) – кара күрүчтөр тукумундагы бир же эки жылдык чөп өсүмдүгү.

Жапайы жана эгилме түрү бар. Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 1 м тереңдикке сүңгүйт. Көп кырдуу, ичи көңдөй, сабагы тик өсөт, көп бутактуу, бийиктиги 0,5–1,5 м. Жалбырагы үч бурчтуу, жүрөк сымал. Мөмөсү – кутуча дан. Даны күрөң, боз, кара түстө. 1000 даана данынын салмагы 20–30 г. Даны катуу кабыктуу. Кара күрүч кыска мөөнөттө өнүп, өсүүчү өсүмдүк. Өрчүү мезгили 60–90 күн. Үрөнү 5–6 см тереңдикке себилет. Ал баалуу акшак берет, анын даамы жагымдуу, сиңимдүүлүгү боюнча алдыңкы орунда. Данында 13–15%и белок, 2,0– 2,5%и кант, 2,0–3,0%и май; 2,2–2,5% күл заттары, адамга өтө пайдалуу микроэлементтер (темир, кальций, фосфор, жез, цинк, иод), органикалык кислоталар, В1, В2, Рр витаминдери жана башка бар. Кара күрүч гүлдөгөн учурда ар бир га жерден 100–120 кг бал топтоого болот. Кара күрүчтүн ондогон сорттору чыгарылган, анын ичинде Большевик-4, Шатиловский4, Калининская, Богатырь белгилүү. Кыргызстанда Богатырь сорту жакшы түшүм берет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Рельефтин жалпы мүнөздөрүИч көбүү (метеоризм)Жыл сүрүүКелишимТерроризмКомпьютерЖоомарт БөкөнбаевДарыНеологизмАт атоочМуңгушМектепҮркүнКаада- салттар,ырым-жырымдарШүкүрбеков РайканӨзгөргүчтүкШайлообек ДүйшеевКыргызстан театрларыАнтивирустук программаДарыяЖылдызӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиФранцияЮпитерУстуканТабигый кырсыктарМассалык жабыркатуучу куралдан коргооЛексикологияФразеологизм«Лайли-Мажнун» дастаныСогушЖаранОсмон империясыБагыныңкы сүйлөмКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүАлымкул ҮсөнбаевКыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата ЖуртуУзак жолБөлүкчөЖасалма интеллектЖамийла (повесть)Мамлекеттик тилХристиан диниЭмгек рыногуСууга чөгүүКыргызстандын туусуТеатрРынок экономикасыБийликМурунГенотип жана фенотипСинонимЧыгыш батышАргындаштырууАдам укуктарыТоо арасында (роман)АнтисептикаЦивилизацияАвстралия (континент)Кыргыз автономиялуу облусуКит сымалдарКыргыз тилинин тарыхыБаланын укуктары жөнүндө конвенцияЕвразияТиричиликСарыкулаков КожомуратЭнциклопедияЭрнест ХемингуэйКыргызстандагы металлдарГаздардагы электр разрядыӨгөй эне-өз энеКоруктарКокон хандыгыЖарым өткөргүчСан атоочЖайыл баатырТыныш белгилериГезит🡆 More