Иррационалдык сан – рационалдык эмес (бүтүн же бөлчөк эмес) сан, башкача айтканда а/b (мында а, b бүтүн сандар, b/0) түрүндө туюнтууга мүмкүн болбогон сан.
Иррационалдык сан геометриясы түрдө бирдик узундуктагы кесинди менен ченелбөөчү кесиндинин узундугун туюнтат. Чыныгы иррационалдык сандар Дедекинд кесилиши менен же мезгилсиз ондук бөлчөк түрүндө туюнтулушу мүмкүн, мисалы, 0,010010001..., V2 =1,41 ..., n=3,14...,lg7, соэ29°31' ж. б. иррационалдык катыштардын болушу (мисалы, квадраттын диагоналдарынын анын жактарына болгон катышынын иррационалдуулугу) байыртан эле белгилүү болгон. а санынын иррационалдуулугун немец математиги И. Ламберт (1766) аныктаган. Ошондой болсо да иррационалдык сандардын так теориясы 19-кылымдын 2-жарымында гана түзүлгөн (немис математиктери Р. Дедекинд, Г. Кантор, К. Вейерштрасс). иррационалдык сандардын көптүгү эсепсиз. Иррационалдык сандар рационалдык эмес алгебралык сан жана трансценденттик санга айырмаланат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иррационалдык сан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.