Көбөйтүү ― ар кандай эки чыныгы сан боюнча үчүнчү чыныгы санды табуучу арифметикалык амал.
Мисалы, aˑb=c, a, b — Көбөйтүүчүлөр, c — көбөйтүндү; демек, a санын b санына К. а санын өзүн өзүнө b жолу кошуу дегенди билдирет. Көбөйтүү амалы × менен белгиленет жана а×b же а b деп жазылат. C барабардыгы менен аныкталат. Эки рационалдык санды Көбөйтүүдө абсолюттук чоңдугунун көбөйтүндүсүнө барабар болгон жана эки Көбөйтүүчү тең бирдей белгиде болсо, анда плюс (+), түрдүү белгиде болсо, минус (—) белгидеги сан алынат. Иррационалдык сандарды Көбөйтүү аларды рационалдык жакындатуунун жардамы менен эсептелет. Комплекстик сандарды Көбөйтүү төмөнкү барабардыкта аткарылат: (a+bi)(c+di)=ac—bd+ +(ad+bc)i ж. б. Сандарды Көбөйтүү төмөнкүдөй касиеттерге ээ: ab=ba орун алмаштыруу мыйзамы; abc = =( ab)c = a(bc) топтоштуруу мыйзамы; а(Ь+с)=аЬ++bc, бөлүштүрүү мыйзамы жана а.0 = 0; а.1= а.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Көбөйтүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.