Инктер, инка – 11-16-кылымда азыркы Перу аймагында жашап, Түштүк Американын батышындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн индейлердин этностук тобу.
«Инка» (Сапа Инка Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын биринин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш менен бүт уруу аталган деп божомолдонот. Инктер Түштүк Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-кылымдын аягы 15-кылымдын башында Куско өрөөнүндө Инктердин калкы 20-30 миң кишиден турган алгачкы мамлекети Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438-63-ж. Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон жана коңшу аймактарды (Колья, Лупака мамлекеттик бирикмелерди), уулу Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борбордук жана түштүк жээктериндеги майда мамлекеттерди жана мамлекеттик бирикмелерди, Боливиянын батыш жана түштүкбатышын, Аргентинанын түндүк-батышын жана азыркы Эквадор, Чилинин түндүк аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мамлекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 кмге жеткен. Дыйканчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү карапа идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо жана башкалар) жана соода өнүккөн. 11-кылымда Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке маданияты пайда болуп, 14-кылымдан кошуна өрөөндөргө тараган. 15-16-кылымда архитектуралык курулуштар (Инктердин архитектурасынын шедеври болгон Мачу-Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепилдери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатрлар жана башкалар) курулган. Инктердин салттуу оозеки мадты болгон. Поэзия, музыка жана бий жогору бааланган. Акындар жана музыканттар өзүнчө касталарды (аравикуна) түзүп, Кускодо музыкалык мектептер ачылган. 1532-ж. Инктер мекендеген аймакты испандар басып ала баштап, колониялаштырууда мамлекетин талкалап, цивилизацияны жок кылышкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Инк падышачылыгы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.