Изумруд, зумурут - минерал; бериллдин бир түрү.
Мөлтүр тунук келип, өңү ачык жашыл. Кристалл түрүндө. Плагиоклазиттердин сырткы контакттарында, тальктуу сланецтерде, пегматиттерде, кальцит жана кварц тарамдарында кезигет. Изумруд кымбат баалуу, 1-класстагы асыл таш. Тунук, кемтиксиз, күнүрт жашыл. Изумруд алмаздан кымбат бааланат. Изумруд жасалма жол менен да алынат, бирок алар көбүнчө жаракалуу келип, өлчөмү 0,5x3 смден ашпайт. Зергерлер кээде жашыл корундду чыгыш изумруду деп аташат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Изумруд, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.