Достук кум-шагыл кени Нарын районунда, Ат-Башы ГЭСинин жанында, Ат-Башы суусунун Нарынга куйган жеринде 1985-ж.
табылган. Кен аймагын антропогендин аллювий-пролювий чөгүндүлөрү түзөт. Кум-шагыл катмары аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Шагыл жакшы жумуруланган гранит, диорит, акиташ, кумдук тектеринен турат. Узундугу 1 км, калыңдыгы 10–15 м. Гранулометриялык курамында 80 ммден жогорку кесекчелери – 22,6 – 32,3%; 80 –5 мм – 58%; 5 ммден майдасы –19,13–23,86%, чаң – 0,27 –1,37%. Салыштырма салмагы 2,5 –2,6. Майдалоо коэффициенти 1,06–1,10. Суукка чыдамдуу. Шагылдын запасы 0,5 млн м3. Бетон куюуга, жолду асфальттоого колдонулат. Кумду чаңдан арылтып жуугандан кийин бетонго колдонсо болот. Запасы 0,5 млн м3.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Достук кум-шагыл кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.