Астробиология

Астробиология — биологиянын Ааламдагы ар кандай асман телолорундагы тиричиликти изилдөөчү бөлүмү.

Ааламдагы эң жөнөкөй органикалык клеткалардын жаралышын жана аларда жашоонун жогорку формасына өтүп жетилишин, ошондой эле Жердин жасалма жандоочуларын, узакка жашаган жаныбар жана космонавттын организминин иштөө функцияларын да, ошондой эле изилдөө мүнөзүнө жараша Күн системасынын жана андан тышкары башка галактикадагы планеталарды изилдейт. Күн системасындагы планеталарга ар кандай космос кемелерин учуруу менен Меркурийде, Чолпондо жана Айда тиричиликтин болушу мүмкүн эместиги далилденди. Марс планетасы Жерге эң окшош, анда басым 10 Мбар, температурасы күндүз 30 , түнкүсүн -70°, атмосферасында Н2О, СО2 ж-а О2 кездешет. Мындай шартта Жердеги микроорганизмдер жанданышы мүмкүн. Анын бетиндеги кара тактар чаң бороонунун, ал эми «уюлдук ак шапкелер» кыроонун пайда болушу менен түшүндүрүлөт. Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон планеталарында тиричилик жок, себеби атмосферасы аммиак жана метандан, ал эми тышкы катмары гелий - суутектен турат. Жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн көмүртек жана суутектин эң жөнөкөй бирикмелери башка планеталарда да бар экендиги далилденүүдө. Алар жеке эле Жер шарында эмес, Ааламдагы башка планеталарда да жашоо тиричиликтин чыгышына себепкер болушу ыктымал. Ааламдын башка бөлүктөрүндөгү цивилизацияны Жердин жандоочусу - Айга жана ири астероиддерге астрологиялык лазер, оптика жана радио түзүлүштөрдү, радиотелескопторду орнотуу менен изилдөөгө болот.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

АаламБиологияКүн системасыМикроорганизмдер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

БаяндооКурманбек эпосуЖөндөмөХимиялык элементТабуМанасчыЭтек кирАфрикаПолисемияСаруу (уруу)ОрганизмИшкердикАк Мөөр (поэма)Түндүк АмерикаЭстетика“Карагул ботом”( дастан)СелТалас облусуОш облусу«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү»КожожашНеологизмдерКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыАбдыкерим СыдыковЗат жана энергия алмашууСоң-КөлКыргызстандын археологиясыСан атоочКошмок сөздөрЭркин сөз айкашыТуруктуу сөз айкаштарыЖарык дисперсиясыКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиМуун (лингвистика)ХуннуАдеп-ахлактуулукБанкКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыКет БукаРим укугуЖарамазанМодал сөздөрМакал лакапСогуш мезгилиндеги сексуалдык зордукКоруктарCOVID-19 пандемиясыЭр ТабылдыСүрөЖаңыл МырзаЧечендерЭлементтер мезгилдик системасыБилимАскердик антЧакчылБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмМүнөз (психология)МейозАжал ордунаДүйнөгө болгон көз карашАдам укуктарыБишкекКыргызстандын туусуСеметейПрокси серверАзияТемпераментКараханийлер кагандыгыҮндөштүкЧыгыш Түрк кагандыгыЖашоо үчүн күрөшОкутуу технологиясыБир өңчөй мүчөМанаска ат коюуКөбөйтүүТоктоболот АбдумомуновКыргыз улуттук оюндарыНаймандарКомпьютердик тармак🡆 More