Реформация

Реформация (латынча reformation – өзгөртүү, кайра куруу, ондоо) – 16-кылымда Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган коомдук кыймыл; негизинен феодалдык түзүлүштүн башкы идеологиялык таянычы болгон католик чиркөөсүнө каршы күрөшкөн.

Феодалдык мамилелердин жикке бөлүнүшү, жаңы капиталисттик элементтердин пайда болушу, социалдык карама-каршылыктардын курчушу реформациянын чыгышына себеп болгон. Реформация идеялык жактан Кайра жаралуу доорунда даярдалып, анын маанилүү булагын орто кылымдагы ерестер (чиркөөнүн диний окуусунан четтеген агым) түзгөн. Реформациянын идеологдору католик чиркөөсүнүн, анын иерархиясы менен жалпы эле дин кызматчыларынын зарылдыгы жок деп эсептешкен. Реформация кыймылына католик чиркөөсүн ар түрдүү көз карашта сындаган таптар жана социалдык топтор катышкан. Реформациянын негизги багыттары: бюргердик-буржуазиялык (М. Лютер, У. Цвингли, Ж. Кальвин), бул багыт татаал чиркөөлүк шатыны, ыйыктарды, көп диний майрамдарды жоюуну, буржуазиянын мүдөөсүн жактаган «арзан чиркөөнү» талап кылган; элдик багыт (Т. Мюнцер) католик чиркөөлөрүн жоюу, феодалдык эзүүнү жок кылуу, социалдык теңдикти көздөгөн; королдук княздык багыт өз бийлигин чыңдоо жана чиркөөнүн жер байлыгын тартып алууну көздөгөн ак сөөк феодалдардын мүдөөсүн жактаган. Көп өлкөдө реформация кыймылы ири таптык салгылаштарга айланган. Реформация жеңген өлкөлөрдө жаңы протестанттык чиркөөлөр уюштурулуп, Батыш жана Түндүк Европада католицизмдин ролу начарлаган.

Реформация
У. Цвингли (~ 1531).

Колдонулган адабияттар

Tags:

Ж. КальвинКайра жаралуу (доор)КатолицизмМ. ЛютерПротестантизмТ. Мюнцер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Электр тогуТатаал сөздөрТүшүндүрмө мүчөКош сөздөрТабигый ресурстарЖакиев БексултанМеталл эместерМамлекеттердин тизмесиАрчаВолейболКыз узатууКыргыздардын тарыхыАссимиляция (тил илиминде)ТөрөтИчтин катуу кармоочу оорусуЧыңгыз ханМен жана милицияКурманжан ДаткаСийдикРоботТарыхКамсыздандырууДарыяОш коогалаңы (1990)ИндустриялаштырууАлыкул ОсмоновКаада-салт ырларыСуу, суутек оксидиВикипедияКош бойлуулукБилим берүүПлутонДидактикалык чыгармаларМаалымат технологиясыАсан КайгыМидин АлыбаевБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыОрфографияАтаке баатырМутациялык селекцияПедагогикаБиринчи жардамАбдыкерим СыдыковШүкүрбеков РайканЖоомарт БөкөнбаевРефератОозул (стоматит)ТыбышБиогеоценозСүйлөм мүчөлөрүМакал лакапГлобалдык экологиялык проблемаларКыргыз оюм чийимдериАк батаАдамАмерика Кошмо ШтаттарыАпта күндөрүАвтомобильЖазгыч акындарКылмышТоголок Молдонун чыгармаларыТүргөш кагандыгыКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыИчегиАрхаизмКыргызстан тарыхыКаныбекБөйрөк оорусуУуланууАбдыкадыр ОрозбековТирсекТекстЫсык-Көл ойдуңуКоёндор жапайыӨнөр жай роботуТаанып-билүү теориясыБир өңчөй мүчө🡆 More