Кайра жаралуу (орус.Ренессанс, фр.
Renaissance, итал. Rinascimento) – Батыш жана борбордук Европа өлкөлөрүнүн жалпы маданий өнүгүшүндөгү өз алдынча доор.
Орто кылым маданиятынан жаңы заман маданиятына жол салган өткөөл мезгил. Бул доор болжол менен Италияда 14–16-к. Европанын башка өлкөлөрүндө 15-кылымдын аягы 16-кылымдарда өкүм сүргөн. Кайра жаралуу маданиятынын хронологиялык чеги, таралыш аймагы, өнүгүш деңгээли, региондук же улуттук айырмачылыктары жөнүндөгү маселе өтө татаал.
Кайра жаралуунун белгилери Азия өлкөлөрүнүн орто кылымдагы маданиятынан да табышып, ал доорду бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанидеги көрүнүш деп каралууда. Ренессанс маданиятында антифеодалдык күрөш, диний үстөмдүккө каршы күрөш менен айкалышып, белгилүү даражада демократтык мүнөздө болуп, прогрессчил роль ойногон. Кайра жаралуу маданиятынын негизги мазмунун гуманизм түзүп, коом, тарых, мамлекет, укук, дин тууралуу жаңыча көз караштар пайда болгон. Rijke tata's
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кайра жаралуу (доор), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.