Гуманизм (лат.
humanus – адамгерчилик) – тарыхый жактан өзгөрүп турган көз караштардын системасы. Адам өз татыгын сактоого, эркиндикке, бакты-таалайга, өз жөндөмүн өрчүтүүгө акылуу; социалдык институттардын баасы адамдын жыргалчылыгы, теңчилик, адилеттик, адамгерчилик жаатын камсыз кылгандык менен ченелет.
Алгачкы Гуманизм идеясы элдердин эзүүчүлөргө каршы күрөшүндө келип чыгып, кыймыл катары кайра жаралуу доорунда (15–16-к.) калыпка салынган. Гуманисттер (Петрарка, Данте, Бруно, Шекспир ж. б.) адамдын жыргал турмушка болгон укугун даңазалашканы менен элдин революциялык кыймылынан жана мүдөөлөрүнөн алыс турушкан, элди эзүүдөн бошотуу маселесин күн тартибине кое алышпаган. Утопист- социалисттер (Оуэн, Сен-симон, Фурье) элдин бардык катмарынын мүдөөсүн жактоого умтулушканы менен коомдун өнүгүү мыйзам ченемин билишкен эмес.
Гуманизм марксизм-ленинизм тарабынан кайра каралып, толукталып, материалдык негизге ээ болгону менен социалисттик коом да, Гуманизмдин эң жогорку тиби экендигин ырастай албады. Адамдардын текши өнүгүшүнө бардык шарттар демократиялык коомдо түзүлөөрү улам байкалууда.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гуманизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.