Нан

НаH, нан азыктары — тамактанууда көп керектелүүчү эң маанилүү азык.

Адам суткасына болжол менен 500—600 г нан жейт.
Нан — углеводдун негизги булагы; анда В тобундагы витаминдер бар. Орга.низм бир суткада керектөөчү белоктун 1⁄3 ин, кальций менен фосфордун 25%ин, темирдин жарымынан көбүн нандан алат. Каткан нандын биологиялык жана азыктык баалуулугу төмөндөбөйт, тескерисинче бир аз катыган же кургатылган нан сиңимдүү келет. Нандын аш болумдуулугу ундун түрүнө жана сортуна жараша болот, жогорку сорт ундан жасалган нан сиңимдүү. Нан бышыруучу өнөр жайлар нан азыктарынын жүздөгөн түрүн (булочкаларды, шакек нандарды, кургатылган, ошондой эле диеталык) чыгарат. Алар көбүнчө кара буудайдын, буудайдын унунан же алардын аралашмасынан жасалат. Диеталык тамактануу үчүн атайын нан жасалат. Диабет оорулуулар, семирип кеткендер үчүн углеводу аз нандар даярдалат. Тузсуз нандар бөйрөк жана жүрөк-кан тамыр оорусу менен ооругандарга сунуш кылынат. Карындын же он эки эли ичегинин жарасында, өнөкөт гастритте жана колитте буудайдын 1жана 2-сортунан бышырылган бир аз катыган же кургатылган нан сунуш кылынат. Холециститте, өнөкөт гепатитте, боордун циррозунда жана боор менен өт жолдорунун иши бузулганда буудайдын 2-сорт унунан, кара буудайдын унунан жасалган нан пайдалуу.

Нан
Буханка жана эки батон
Нан
Француздук нандын тышы калың
Нан
Буханкалар жана нан быжыгырлары
Нан
Кунжут менен нан таякчалары
Нан
Струкла — европалык таттуу нандын түрү

Нанды үй шартында сактоо

Үй шартында нан 11 —12 саатта катат. Катыбас үчүн аны атайын нан салгычта, эмаль мискейде, полиэтилен баштыкта сактоо керек. Нан салынган идишти жумасына бир жолу ысык суу менен жууп, кургатуу оң. Нанды караңгы, ным жерде, муздаткычта сактоого болбойт, анткени ал ным тартып, көгөрүп кетет.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

БиологияБоордун циррозуВитаминдерГастритГепатитКант диабетиКолитФосфорХолецистит

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

МүчөЖибекДаван мамлекетиКасым КаимовТайлак баатырЛексикаКөкө уулу ЖеңижокШтат (АКШ)ЭтикаМолдо КылычЭфирлерГлобалдык экологиялык проблемаларМээСинонимЖөндөмө категориясыАппендицитКаныкей образыОрдо оюнуТиричиликКуранКакырыкЭкономикаТерминдерАялдардын эл аралык майрамыКасым ТыныстановАк кууларЭне-Сай кыргыз кагандыгыКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиЭхинококкозКыргызстандын гимни606АрчаКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыМихаил ГлинкаМар БайжиевСаспаев АманКыргыздын улуттук кийимдериКоруктарТаандык категориясыДелбиримБаланын укуктары жөнүндө конвенцияМутацияДарыяБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмГидросфераАнтонимӨмүр баянБагыныңкы сүйлөмКүн системасыТемиркул ҮмөталиевЖер астындагы сууларПоэзия (ыр)Химиялык формулаларАфрикаМакал-ылакаптарСезимталдык тарбияАнжиян көтөрүлүшүЭсептөө системасыДен соолукСтрессДидактикалык чыгармаларБоордун циррозуГерманияКыргыз мөңгүлөрүБалдардын курак мезгилдериСПИДЗат жана энергия алмашууКошмок сөздөрПётр Ильич ЧайковскийБиринчи мугалимМанасчыКалыгул Бай уулуТрайбализмБайыркы РимАкулаЖашоо чөйрөФотосинтезАнжелика Кайратова🡆 More