Диарея (гр.
diarrhtō – агам), ич өткөк – тез-тез суюк заңдоо. Диареяөз алдынча оору болбостон, көптөгөн патология процесстердин белгиси катары пайда болуп, ага дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит жана башка), ошондой эле карын менен уйку безинин маңызы жетишсиз болгондогу тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Айрым кишиде катуу кайгырганда, корккондо, кээ бир тамак-ашты (сүт, жумуртка, жашылча-жемиш) сиңире албаганда да болушу мүмкүн. Диарея лабораториялык, бактериологиялык, рентгендик жана эндоскопиялык изилдөөлөр менен аныкталат. Оорулуу айланасындагыларга жуктуруу коркунучунда гана ооруканага жаткырылат. Өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонуу оорунун белгилерин чаташтырып, туура диагноз коюуга тоскоол болот жана дарттын кабылдап кетишине алып келет. Алдын алууда тамактануу тартибин, жеке гигиенаны туура сактоо (идиш-аякты, тишти таза кармоо), ичеги-карын оорусун алдын алуу жана дарылоо зарыл.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Диарея, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.