Шагыл – өлчөмү 1–10 смге чейин болгон түрдүү тоотек сыныктарынан топтолгон борпоң чөкмө тоотеги.
Агын суунун, толкун шарпылдагынын таасиринен тоотек сыныктарынын сүйрү же тоголок формада жумуруланып, жылмаланган майда (өлчөмү 10 ммден 100 ммге чейин) таштар – сайташтар (галька) деп аталат. Ал эми сынган ордунда калган же шиленип, бирок жылмаланбаган кырдуу тоотек сыныктары каптал шагылы же шагылташ (щебень) деп аталат. Көлөмү боюнча майда (1–2,5 см), орто (2,6–5 см), ири (5–10 см) шагыл болуп бөлүнөт.
Шагылдын тоо боорундагы, этегиндеги эң көп жана чоң таштарын чогулган жери корум деп аталат. Шагыл баалуу курулуш материалына кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шагыл, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.