Окутуунун уюштуруу формалары - (форма организации обучения или организационные формы обучения) – окуучулардын (студенттердин) саны, окутуунун убактысы жана орду, ошондой эле аны ишке ашыруунун ирети менен байланышкан окуу процессин уюштуруунун сырткы тарабы.
Окутуунун уюштуруу формалары - окутуунун максатын, мазмунун, методдорун жана каражаттарын эсепке алуу менен тандалат. Жогорку жана атайын орто окуу жайларында негизги Окутуунун уюштуруу формалары катары лекция, семинар, лабораториялык жана практикалык жумуштар, консультация ж. б. колдонулат. Жалпы билим берүүчү мектептерде сабак (сөздүн тар маанисинде) окутууну уюштуруунун негизги формасы болуп эсептелет. Бирок, өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягынан тартып биздин өлкөбүздүн мектептеринде лекциялар, семинарлар, зачеттор кеңири колдонула баштады. Окутууну уюштурууну кээ бир формасынын алкагында жекече, жуптук, топтук жана фронталдык жумуштарды жүргүзсө болот. Педагогикада булар дагы Окутуунун уюштуруу формалары катары каралат.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Окутууну уюштуруу формалары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.