Хирошима - Япониядагы шаар.
Хирошима префектурасынын адм. борбору. Хонсю а-нын түштүкбатышында. Калкы 1,2 млн (2012). Эл аралык аэропорту бар. Япон денизинин жээгиндеги порточо Ири өнөр жай борбору. Машина куруу (а. и. автомобиль жана өнөр жай жабдууларынын комплекти), химиялык, жыгаччылык, жеңил, текстиль, металлургия, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (а. и. Хирошима мамлекеттик университети), тарыхый-маданий эстеликтер (а. и. Ридзё сепили, Фудоин будда храмы), музейлер, эс алуу парктары ж. б. бар.
Шаар 16-кылымдан феодал сепилинин чегинде пайда болгон. Хирошимага 1945-ж. 6-августта АКШ 1-атом бомбасын таштаган. Хирошиманын көп бөлүгү талкаланып, 140 миң адам курман жана жарадар болгон. 1996-жылдан Тынчтык Паркы - арх-ра-парк символ ансамбли (1951-52, К. Тангэ ж. б.; Хирошимада курман болгондорго эстелик, мемор. музей, Генбаку кумпасы) Буткул дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хирошима, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.