Филлит (гр.
phyllon - жалбырак) - метаморфизм процессинен толук кристаллдашып, өтө жука кабырчыктарга айланган тыгыз тоо тек.
Сырт түспөлү чополуу сланецке окшош, бирок андан катуулугу жана тыгыздыгы (орточо тыгыздыгы 2,7 г/см3), ошондой эле курамында слюданын бардыгы менен айырмаланат. Бекемдиги 50240 МПа. Өңү көгүш, жашыл, күрөң, кара. Курамын серицит, хлорит, биотит, кварц, талаа шпаттары ж. б. түзөт. Жука кабатчаларынын беттеринде көбүнчө серициттин минералдары арбын топтолгондуктан, жибек сымал жылтылдап турат. Айрымдары металлдай жылтырайт. Курулушка керектүү баалуу материал. Имараттарды кооздоодо пайдаланылат. Байыркы платформалардын жогорку структуралык кабатында жана бүктөлүү тоо аймактарынын чет зоналарында таралган. Улуу Британия, Германия, Россия, АКШ, Франция, Финляндия ж. б. өлкөлөрдө ири кендери бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Филлит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.