Төмөнкү Калифорния — Түндүк Американын батышындагы жарым арал (Мексиканын Төмөнкү Калифорния штатында).
Тынч океан менен чулганып, материктен Калифорния булуңу аркылуу бөлүнөт. Узундугу 1200 км, туурасы 50—250 км. Чыгышында жанартоо жана кристаллдык тектерден турган тоо массивдери 3078 мге чейин көтөрүлөт; батышын тепкичтенип көтөрүлгөн бөксө тоолор (бийиктиги 1000—1500 м) жана ойдуңдар ээлейт. Тропиктик чөл жана субтропиктик жарым чөл өсүмдүктөрү (бадалдар, кактус, агава, юкки) өсөт; тоолорунда токой кездешет. Сугат дыйканчылыгы жана багбанчылык өнүккөн. Ири улуттук паркы — Сьерра-де-Сан-Педро-Мартир.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Төмөнкү Калифорния, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.