Пенициллиндер – химимялык түзүлүшү боюнча бири-бирине микроорганизмдерге жана айрым, микроскоптук козукарындарга таасир этүүчү табигый жана чала синтезделген антибиотиктер.
П. өз ара конденсирленген b-лактам жана тиазолидин шакекчелеринен турган бициклдүү система мүнөздүү. П. борбордук бөлүгү болуп 6-аминопенициллан к-тасы (6-АПК). 1
S
6 5 2
H2N - CH - CH C(CH3)2
ç ç 4 3 ç
О=C – N ——— CHCOOH
7
П. молекулалары цистеин, валин жана орун алмашкан уксус к-тасынан куралат. П. мол-ларында көмүртектин үч ассимметриялык атому бар: 3-чү, 5-чи, 6-чы. Орун алмашуучулар мейкиндикте жайгашышы 3-чү жана 6-атомдорунда гана коюлган. П. бири биринен радикалы менен айырмаланышат жана алардын биологиялык, физ. химимялык касиеттери ага көз каранды. Эң маанилүү П.: бензилпеницил, феноксиметилпеницил, фенетициллин, метициллин, оксациллин, ампициллин, фенебенициллин жана башка П. ар кайсы реагенттер таасир эткенге алар антибактериялык активдүүлүгүн жоготкон бирикмелерди пайда кылат. Көп учурда реакциялар туруктуулугу төмөн болгон b-лактам шакекчесинин ажырашы менен жүрөт. П. щелочтор, спирттер, аминдер суу эритмелерин, пенициллазаны жана башка таасир эткенде туруктуу эмес пенициллоин к-талары жана алардын туруктуу туундулары – эфирлер, туздар, амиддер алынат. П. сепсисти, пневмонияны, скарлатинаны жана башка ооруларды дарылоодо колдонулат. Биринчи жолу П. толук 1946-ж. Де Виньо синтездеген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пенициллиндер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.