Идиома (грекче - өзгөчөлүк, өзүнчөлүк,бөтөнчөлүк) – эки же андан ашык сөздөн түзүлүп, жалпы мааниси ошол сөздөрдүн жеке мааниси менен тике байланышпастан, көбүнчө өтмө мааниде колдонулуп, ошол тил үчүн гана мүнөздүү болгон, башка тилдерге которулбаган, тутумундагы сөздөрдү ажыратып кароого мүмкүн болбогон туруктуу сөз айкаштары.
Оозеки сүйлөшүүдө, публицистикалык жана көркөм адабияттын стилинде колонулат. Кыргыз тилинде, мисалы, “мурдун балта кеспеген”, “колтугуна суу бүркүү” деген сыяктуу идиомалык айкаштар бар. Идиомалар жазуучунун сөз байлыгын таасирдүү кылат жана көркөмдөйт, чыгармага улуттук мүнөз берет, каармандардын жекече сапаттарын тереңирээк ачууга көмөктөшөт.
Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Идиома, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.