Ниамей – Нигер Республикасынын борбору, шаар; Ниамей департаментинин административдик борбору.
Өлкөнүн түштүк-батышында, Нигер дарыясынын сол өйүзүндө,деңиз деңгээлинен 163 м бийиктикте жайгашкан. Климаты субэкватордук. Жылдык орточо температура 25˚С, жаан-чачындын саны 400–700 мм. Калкы 980 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. 19-кылымдын аягында негизделген. 1926–60-жылы Нигердеги француздук ээликтин административдикборбору. Нигер көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору (1960). Университет, калк китепканасы, Улуттук жер жаңгак коому, чоң мечит, элдик каада-салтты жазуу борбору, Геология бюросу, Тропиктик токойчулуктун техникалык борбору, Тропик агрономия институту бар. Кол өнөрчүлүк (тери ашатылат, карапа, алтындан жана күмүштөн баалуу буюмдар жасалат) өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ниамей, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.