Нептуний (лат.
Neptunium), Np – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номуру 93, ат. м. 237. Нептунийдин массалык сандары 228Np – 241Np болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 237Np. Н-ди 1934-жылыитал. физик Энрико Ферми нейтрондун уранга тийгизген таасиринен алган, бирок аныктоого мүмкүн болгон эмес. 1940-жылыамерикалык физиктер Э. Макмиллан жана Ф. Эйбельсон ядролук реакциянын негизинде синтездеп, аны Нептун планетасынын атынан аташкан. Ал – күмүш түспөл, жумшак, оор металл. Б. эрүү t 1134˚С; кайноо t 4200˚С; бирикмелеринде +3, +4, +5, +6 жана+7 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Н. галогендер мененкошулуп, жогорку окистенүү даражаларына ээ, фторид, хлорид, бромид, йодиддерди пайда кылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нептуний, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.