Киндиа— Гвинеянын түштүк-батышындагы ири шаар.
Киндиа префектурасынын административдик борбору. Калкы 181 миң (2008). Шаар 1904-жылы француздар тарабынан Киндиа — Конакри темир жолунун курулушуна байланыштуу негизделген. Француздук Батыш Африканын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гвинеянын курамына кирген. Колдонмо биология жана Пастер институттары (1948), агрономия изилдөө борбору, Микробиология жана вирусология илимий лабораториясы ж. б. бар. Киндиа айыл чарба продуктуларынын (дан эгиндери, жемиш, мал) ири соода борбору. Тамак-аш (жемиш консервалары жана ширелери) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыгач иштетилет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Киндиа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.