Дем Алуу Системасы

Дем алуу системасы — организм менен сырткы чөйрөнүн (абанын) ортосунда газ алмашууну ишке ашыруучу органдар жыйындысы.

Дем алуу системасы аба өткөрүүчү жолдордон (мурун көңдөйү, коко, кекиртек жана бронхтор) жана өпкөдөн турат. Мурун көңдөйүндө, ошондой эле жыт сезүү органы да жайгашкан. Аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп жылып, нымдалып, тазаланат да, адегенде мурун - кулкунга, андан кийин кулкундун ооз бөлүгүнө келет. Бул жерге аба ооз менен дем алганда да келет. Бирок бул учурда аба тазаланбайт жана жылыбайт, ошондуктан мурун менен дем алган туура. Аба кулкундун коко бөлүгүнөн аба өткөрүү менен бирге үн пайда кылууга катышуучу кокого өтөт. Кокодон ары кекиртекке жылат. Кекиртек IV—V көкүрөк омурткасы тушта эки (оң жана сол) бронхко бөлүнөт. Ал аркылуу аба андан ары өтө майда бронхторго өтүп, өпкө альвеоласына жетет. Альвеоланын өтө жука капталы биологиялык өткөргүч мембрана болуп эсептелет. Ал аркылуу кан тамыр капиллярындагы кан менен альвеоладагы абанын ортосунда газ алмашуу жүрөт. Газ алмашууда дем алгандагы кычкылтек канга, ал эми кандагы көмүр кычкыл газы альвеола абасына өтөт. Дем алууну көкүрөк клеткасы менен анын булчуңдары, боор эт, аба өткөрүүчү жолдор жана өпкө сыяктуу дем алдыргыч аппарат ишке ашырат. Дем алуу процессин борбордук нерв системасынын атайын бөлүгү — дем алуу борбору жөнгө салат. Дем алуу борбору дем алдыргыч жана дем чыгаргыч болуп эки бөлүктөн турат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Организм

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кылым карытар бир күнШилекей бездериЛексикологияГерманияКалька лексикологиядаАтама сүйлөмЭкинчи дүйнөлүк согушӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичАлай тоо кыркасыАкчаТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүСейтекКырк чороЭл аралык укукАк кеме (тасма)Кыргызстандын туусуТөлөгөн КасымбековСоң-Көл“Алтын кыз” (драма)Тоголок Молдонун чыгармаларыАлфавитСан атоочАныктоочОшАфрикаМидин АлыбаевКаныкей образыГапаров МурзаАжал ордунаЖазгыч акындарКылмышСак цивилизациясыПедагогикаЭне-Сай кыргыз кагандыгыАстрономияЖердин айлануусуЭтишАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиӨзгөргүчтүкМухаммед кыргызОй жүгүртүү (философия)Садыр ЖапаровКозу карындарДаван мамлекетиСөздүн маанисиМолдо КылычЖеңиш КүнүКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруАлександр МакедонскийБалдардын курак мезгилдериЖетимишев СейитЖылкыКөркөм өнөрЖусуп БаласагынКош бойлуулукТемирКыргызстандагы металлдарУлуу БританияАлюминийКутадгу билиг«Жаңыл Мырза»Иманалы АйдарбековШатман СадыбакасовТеңир-ТооЖер көчкүБөлүп чыгаруу системасыКеңештер БирлигиАндрон маданиятыТамак сиңирүү системасыЖогорку окуу жайыАйгүл гүлүКислотаЭмгек рыногуКыргыз Ала-ТооТөрөтТиш🡆 More