Далай - лама XIV, Тензин Гьяцо – (6.
7. 1935-ж. т., Амдо провинциясы, Такцер кыштагы) – будда ишмери, тибет элинин рухий жана саясий лидери. 3 жашында Далай - лама XIIIнүн ордуна тандалып, Далай - лама XIV деп аталган. КЭР аскерлери Тибетти басып киргенде, 16 жаштагы Далай - лама XIV мамлекет башчысынын милдетин мойнуна алган. 1954-ж. Пекинге келип, Мао Цзэдун менен жолуккан. Бирок, Тибетте коммунисттик реформалар жүргүзүлгөн. 1959-ж. Лхаста элдик көтөрүлүш чыгып, аны Кытай армиясы күч менен баскан. Далай - лама XIV жана жеңилген көтөрүлүшчүлөр Индияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Дхарамсалда (Индия, Химачал-Прадеш штаты) Далай - лама XIV кайрадан КЭРге кошулууга макул болбогон тибеттиктерди колдоп, тибет өкмөтүн түзгөн. 1963-ж. Далай - лама XIV Тибеттин демократиялык конституциясын иштеп чыккан. Конституция боюнча жогорку бийлик Далай-ламадан Элдик ассамблеяга жана анын өкмөтүнө өткөн. Учурда тибеттик эмиграциялык администрацияда саясий бийликти Далай - лама эмес өкмөт менен парламент жүргүзөт. Далай - лама расмий түрдө рухий функцияларды жүргүзөт, бирок ошону менен бирге ал улуттук лидер катары каралат. Далай - лама XIV АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, БУУга кайрылуу жасап, Тибеттин эгемендүүлүгү жөнүндө проблеманы тынчтык жолдор менен чечүүгө аракеттенген. 1987-ж. КЭРдин курамындагы Тибет автономиясын түзүүгө макулдугун билдирген. 1989-жана башка бейпилдикти жаратуучу иштери үчүн Далай - лама XIVгө Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Далай - лама XIVнүн ой-пикирлери, сунуштары «Жаңы миң жылдык үчүн этика» китебинде (1999) чагылдырылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Далай-лама XIV, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.