Гиза – Мисирдеги шаар.
Нил дарыясынын жээгинде, Каирге жакын жайгашкан. Гиза мухафазасынын администрациялык борбору. Калкы 2,1 млн (1992). Жолдор тоому жана ири соода борбору. Тамеки, машина куруу (анын ичинде радиотехникалык) өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Гизанын түштүк-батышында, Ливия чөлүндө пирамидалар комплекси (фараондор Хеопс, Хефрен, Микериндин жана Чоң сфинкс) сакталган. Пирамидалар жайгашкан аймак Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гиза, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.