Гайана: түштүк америкадагы мамлекет.

Гайана же Кооперативдик Гайана Республикасы (англ. Co-operative Republic of Guyana) — Түштүк Американын Түндүк-чыгышындагы мамлекет.

Батышынан жана Түндүк-батышынан Венесуэла, Түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бразилия, чыгышынан Суринам менен чектешет. Түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат.

Кооперативдик Гайана Республикасы
англ. Co-operative Republic of Guyana

Гайана: Негизги маалымат, Мамлекеттик түзүлүшү, Табияты Герб
Туу Герб
Урааны: ««One People, One Nation, One Destiny» «Бир эл, бир улут, бир тагдыр»»
Гимн: «Dear Land of Guyana, of Rivers and Plains (Гайананын сүйкүмдүү жери, анын дарыялары жана түздүктөрү)»
Гайана: Негизги маалымат, Мамлекеттик түзүлүшү, Табияты
Эгемендүүлүк күнү 26-май 1966-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тилдери
Борбор шаары Жоржтаун
Ири шаарлар Жоржтаун
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Вице-президент
Ирфаан Али
Марк Филлипс
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
83-орун - дүйнөдө
214,969 км²
8,4
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

817,607 адам (166-орун)
3,502 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

48,514 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

16,329 млрд $
20,564 $
АДӨИ  0,714  (жогору) (108-орун)
Этнохороним гайаналык, гайаналыктар
Акча бирдиги Гайана доллары
Домени .gy
ISO коду GY
ЭОК коду GUY
Телефон коду +592
Убакыт аралыгы UTC -04:00

Негизги маалымат

Аянты 215 миң км2. Калкы 767,3 миң (2006). Мамлекеттик тили англис тили. Борбору Жоржтаун шаары административдик-аймактык жактан 10 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги Гайана доллары.

Акимий-аймактык бөлүнүшү:

Гайана: Негизги маалымат, Мамлекеттик түзүлүшү, Табияты 
Гайананын акимий бөлүнүшү.

Мамлекеттик түзүлүшү

Гайана БУУнун (1966), ЭВФтин (1966), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Америка мамлекеттеринин уюмунун (1991) жана башкалардын мүчөсү. Гайана унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында. Конституциясы 1980-ж. 6-октябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Элдик прогресс партиясы, Элдик улуттук конгресс жана башка.

Табияты

Өлкөнүн Түндүк жана Түндүк-чыгышын аккумуляциялык саздуу түздүк, борбордук бөлүгүн жана түштүгүн Гвиана бөксө тоосу ээлесе, борбордук бөлүгүнүн батыш жагы тоолуу (Паурайма кыркатоосу, эң бийик жери Рорайма 2772 м; Аянганна 2042 м). Аймагынын басымдуу бөлүгүн нымдуу, дайыма жашыл токой ээлейт. Түндүк-чыгышында жана Түштүк-батышында саванна кездешет. Климаты субэкватордук, ысык жана нымдуу. Айлык орто температурасы 26°Сден 28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 2000-2500 мм. Ири дарыялары: Эссекибо, Демерара, Бербис жана Корантайн. Потаро дарыясында Кайетур шаркыратмасы (бийиктиги 225 м) бар. Жаныбарлар дүйнөсү ар кыл; токойлорун ягуар, пума, маймыл; саванна: антилопа, чопкутчан. б. мекендейт. Гайанада коргоого алынган 3 табигый аймак (аянты 486 миң га) бар; андан ичкери Кайетур улуттук паркы уюшулган. Калкынын 99%ин гайаналыктар (африкалык гайаналыктар) түзөт. Ошондой эле индейлер, негрлер, метистер да жашайт. Протестант, католик, ислам (мусулман сүннөттөр), индуизм диндерин тутат. Орто жыштыгы 1 км2 жерге 3,6 киши. Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники - 63, аялдарыныкы - 68,3 жашаары Шаар калкы - 38,5% . Ири шаарлары: Жоржтаун, Линден, Нью-Амстердам, Корривертон.

Тарыхы

Байыркы мезгилдерден Гайананын аймагын индей уруулары (карибдер) жердеген. Алардын аз сандагы тукумдары азыркы күндө Гайананын түштүгүндөгү токойлордо жашашат. 16-кылымдын аягында Гайананын азыркы аймагын голландиялыктар басып алышып, колонияга айландырышат. 1814-ж. Гайананы Улуу Британия басып алып, англиялык колонияга айланган (1831-жылдан Британ Гвианасы). 1834-ж. өлкөдө кулчулук жоюлган. 1928-ж. Британ Гвианасында Конституция киргизилип, Мыйзам чыгаруу Кеңеши түзүлгөн. 20-кылымдарда, өзгөчө экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, Британ Гвианасына америкалык жана канадалык капитал кеңири кирген. Согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылын жетектеген саясий партиялар Улуу Британия өкмөтүнөн көзкаранды эместикти берүүнү талап кылган. 1953-ж. Британ Гвианасынын жаңы конституциясы кабыл алынган жана жергиликтүү өкмөт түзүлгөн. 1966-ж. Британ Гвианасы көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланып, Гайана деп аталган. 1970жылдан Гайана Кооперация Республикасы. 20-кылымдардан 80жылдары Гайана «кооперациялык социализмди» курууга багыт алган. 1985-ж. президент болуп шайланган X. Д. Хойт менчиктештирүүнү баштаган. 1992-ж. президентикке Ч. Б. Жаган шайланган. 2001, 2004-ж. президент шайлоодо Б. Жагдео жеңип чыккан. Учурда өлкөдө ЭВФ тарабынан иштелип чыккан экономикалык реформалар программасы жүзөгө ашырылууда. Экономикасынын негизин айыл чарба жана тоокен казуу (боксит) түзөт. ИДПнин көлөмү 3 млрд доллар (АКШ). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3900 доллардан (2005) туура келет. ИДПдеги айыл, токой жана балык чарбаларынын үлүшү 36,8%, тейлөө чөйрөсүнүкү 43%, өнөржайыныкы 20,2%. Аймагынын 4% гана иштетилет. Калган бөлүгүн жайыт, чабынды (15%), токой (8%) ээлейт. Балкамыш, шалы, кокос жаңгагы (2005-ж. 6 миң о жыйналган), кофе, какао, цитрус өсүмдүктөрү, копра, ананас, сизаль, тамеки, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Кенбайлыктарынан алтын, алмаз, жез, марганец, темир кени казылып алынат. 2005-ж. 782 млн кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыгач даярдалат. Креветка, балык, омар кармалат. Иштетүүчү өнөржайы начар өнүккөн, негизинен чарбасы айыл чарба продуктуларын даярдоого адистешкен. Глинозём, кант, ром, тамеки өндүрүшү иштейт. Темиржолунун узундугу 187 км, автомобилдики 8 миң км (андан ичкери 590 км асфальтталган; 2005). Деңиз соода флотунун тоннажы 13,5 миң о дедвейт. Сыртка кант, боксит, алюминий, күрүч, алтын, ром, токой материалдары, деңиз продуктулары чыгарылат. Сырттан минералдык отун, майлоочу материалдар, машина жана анын жабдууларын, өнөржай жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго, Италия, Франция, Япония, Бельгия, Португалия.

Маданияты

Билим берүүсү 6 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө киргизилген, бирок акы төлөп окушат. Өлкөдө ЖОЖдор, илимий - изилдөө институттары, музейлер, Улуттук китепкана, Медициналык илимий китепкана жана башка бар. 2005-ж. 37 гезит жана журналдар чыккан. Радиоуктуруусу 1950-жылдан баштап иштейт. Бир нече радиостанциялары жана телеберүүлөрү бар. Адабияты англис тилинде. Архитектурасында жергиликтүү чеберлердин чыгармалары сакталган.

Колдонулган адабияттар

Булактар

Тышкы шилтемелер

Tags:

Гайана Негизги маалыматГайана Мамлекеттик түзүлүшүГайана ТабиятыГайана ТарыхыГайана МаданиятыГайана Колдонулган адабияттарГайана БулактарГайана Тышкы шилтемелерГайанаАнглис тилиАтлантика океаныБразилияВенесуэлаСуринамТүштүк Америка

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КулакОтоо чөпТүштүк-Чыгыш АзияТянь-Шандын түштүк тизмегиГүлСПИДЖемиштерКыргыз Республикасынын Кызыл китебиТоктоболот АбдумомуновҮч бурчтукГепатитЭмгекТууранды сөзАлаш (партия)БоорБөйрөкХундарКыргызстандагы жылуулук режимиОозул (стоматит)АрхаизмТолубай сынчыСарыкАк Мөөр (поэма)Жыйырма сегиз панфиловчуларКалийСезүү мүчөлөрүКененсарынын чапкыныКеплер мыйзамдарыВольфганг Амадей МоцартЭс алууОктябрь революциясыМакал лакапЧакчылАбай КунанбаевКасымалы БаялиновБириккен Улуттар УюмуКыргыздардын тарыхыПедагогикаЛандшафтОш облусуМанас эпосунун өзөктүк окуяларыЭлектр зарядыКыргызстандын КонституциясыОш коогалаңы (1990)Чүй облусуБугу (уруу)Кеңеш ЖусуповЖердин айлануусуАминдерБака жалбыракТүргөш кагандыгыМүнөз (психология)Көкө уулу ЖеңижокКорукЖылдызГлобалдык көйгөйлөрТыныш белгилериШах Фазил күмбөзүӨспүрүм балдарАксонометриялык проекцияларЮпитерБаскетболХимиялык элементКосмосРюноске АкутагаваТаранчыБиринчи майЭхинококкозИбраев, ЭсенгулКоруктарГалактикаКайра курууМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыБиологияТаштанды🡆 More